Бүгүн, 1-декабрдан баштап кинотеатрлардын, фуд-корттордун, компьютердик клубдардын иши жанданды. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева маалымат жыйынында билдирди.
Ишканалардын жетекчилери, менчигинин түрүнө карабастан, убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого милдеттүү: кире беришке кирүү фильтрин уюштуруу; колду тазалоочу жайларды уюштуруу (тазалоочу каражаттар, нымдуу салфеткалар); күн сайын нымдуу тазалоо; маска режимин киргизүү.
Кинотеатрлар, интернет клубдар төмөнкүлөргө жооп бериши керек:
– маска режими;
– конокторду шахмат түрүндө отургузуу;
– ар бир залдын кире беришинде дезинфекциялоочу килемчелер, санитайзерлер болушу керек;
– орундардын 50%дан ашыгында адамдар отурбашы керек.
Тамактануучу жайларда орундардын бардык санынын 50% көбүндө коноктор болбошу керек.
Вице-мэр массалык иш-чараларга дагы деле болсо тыюу салынгандыгын эске салды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ