Menu

Катардагы кызматкерди куугунтукка алган Курманкул Зулушевдин тиши Сыймык Жапыкеевге өтөбү?

Бөлүшүү:

Жаңы эле бийликке келишип, мансапка жетишкен 3 мамлекеттик лөк-чиновник: генпрокурор Курманкул Зулушев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касманбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев азуулуу чиновниктерге алы жетпей, катардагы кызматкерлерди куугунтукка алып жаткандыгы белгилүү болду.

30-ноябрда КР Коопсуздук кеңешинин катардагы эксперти Атай Шакир уулунан кызматтан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз жаздырып алып, акыры жумушунан кетиришти.  Анда сөз оролу башынан болсун.

6-октябрдын таңкы саат 07:30да эксперт Атай Шакир уулуна Коопсуздук кеңешинин аппаратынан телефон чалышып, тезинен Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, генерал Өмүрбек Суваналиевге келүүнү айтышкан.

Саат 08:30да Генерал Суваналиев катчылыктын эксперти Атай Шакир уулу катчылыктан генпрокуратурага кураторлук кылгандыгына жана генпрокурор Өткүрбек Жамшитов дайынсыз жок болуп кеткендигине, Алманбет Шыкмаматов генпрокуратураны басып алгандыгына байланыштуу тезинен генпрокуратурага барып, ал жердеги ишти координациялоону тапшырат.

Саат 09:30да Атай Шакир уулу генпрокуратурага келсе “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү Алманбет Шыкмаматовду генпрокурор кылып дайындашып, Шыкмаматов генпрокурордун кабинетин ээлеп калган экен. Атай Шакир уулу Шыкмаматов менен баарлашып, генпрокуратура кызматкерлери менен консультация өткөргүнчө “Чоң казат” партиясынын 300дөн ашык өкүлдөрү келишип: “Шыкмаматов кетсин! Генпрокурор Сыймык Жапыкеев болот!” деп кыйкыра башташат. Кыйкырыктар катуу чыгып, Сыймык Жапыкеевдин тарапташтары көбөйө баштаганда “самозванец генпрокурор”  Алманбет Шыкмаматов генпрокуратурадан чыга качат. Анын ордуна генпрокурордун креслосуна тарапкерлери Сыймык Жапыкеевди алып келип олтургузушат…

Сыймык Жапыкеев өзүн генпрокурор деп жарыялап, Асылбек Жээнбековго, Райым Матраимовго жана Мухаммедкалый Абылгазиевге  кылмыш иштерин козгогондугун расмий билдирет…

Ошондон кийин Атай Шакир уулу өзүнүн жетекчилигине бул тууралу кабарлап, уруксат алгандан кийин ошол эле 6-октябрь күнү Коопсуздук кеңешинин катчылыгындагы өз жумушуна кайтып келет.

Ал эми экинчи бир “самозванец генпрокурор” Сыймык Жапыкеев ошол 6-октябрдан тартып, 17-октябрга чейин өзүн генпрокурор атап, иштеп келди жана ага Финполициянын төрагасы кызматын беришкенден кийин гана ал жерден кетти.

Ал эми 21-октябрда генпрокурор болуп Курманкул Зулушев дайындалды. Жаңы генпрокурор бир айдан бери 6-октябрдагы генпрокуратурадагы жана өлкөдөгү окуяларды иликтеп, ал окуяларга КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын катардагы эксперти Атай Шакир уулу айыптуу деп таап, КР Президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касманбетовдун атына кат жазып, анда “КР Коопсуздук кеңешинин эксперти Атай Шакир уулу  6-октябрда генпрокуратураны басып алган, ошондуктан жазалансын” деп талап кылган.

КР Президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касманбетов ал Зулушевдин катынын негизинде КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге кайрылып, Атай Шакир уулун кызматтан кетирүүнү талап кылат.

Рыскелди Мусаев өз тарабынан кызматкери Атай Шакир уулун чакырып, генпрокурор Зулушев менен Сүйүнбек Касманбетовго шилтеме берип, өз ыктыярың менен арыз жазып кетпесең бирди көрөсүн деп коркутуп, арыз жаздырып алат.

Кыязы бул 3 лөк-чиновникке Атай Шакир уулунун кызмат орду гана керек болуп, ушундай түшкө кирбей тургандай кутум уютурушкандай…

Эгер генпрокурор Зулушев ушундай эле мыйзамчыл болсо анда неге чынында эле генпрокуратураны басып алышкан “самозванец генпрокурорлор” Алманбек Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевдер жазаланбайт? Алардын аракеттеринде кылмыштардын составы айдан ачык эле көрүнүп турбайбы? Генпрокурордун кабинетин ээлеп алышып, өздөрүн генпрокурор жарыялашкандары кылмыш эмеспи? Генпрокурорлук кызматка бекий электе эле башка жарандарга кылмыш ишин козгоо, ал тууралу расмий билдирүү жасоодо кылмыштын составы жокпу?

Кыскасы, 3 мамлекеттик лөк-чиновник: генпрокурор Курманкул Зулушев, президенттик аппараттын жетекчиси Сүйүнбек Касманбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев азуулуу чиновниктер Алманбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге  алы, духтары жетишпей, катардагы кызматкер Атай Шакир уулуна алдары жеттиби?

Баса, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү КР генпрокурору Өткүрбек Жамшитов, КР УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев, КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдер дайынын таптырбай качып кетишишкен. Опумбаев менен Жунушалиевдин алигиче дайыны жок.  Ал эми генпрокурорлук кызматка жеткен Курманкул Зулушев  Өткүрбек Жамшитовду генпрокуратурага чакырып, коллективдин алдында ыраазычылыгын айтып, башына суусар тебетей кийгизип, жонуна баалуу чапан жаап, белек-бечкек менен жөнөткөнү эмнеси? Кадам сайын ушундай кош стандарттуулуктар өкүм сүрө баштады…

Сыймык Жапыкеевдин 7-октябрдагы генпрокуратурадагы билдирүүсүнүн видеотасмасы.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: