Menu

УИАда Т.Аскаровдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында маданияттын эмгек сиңирген ишмери, УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, мамлекеттик жана коомдук ишмер, профессор Теңдик Аскаровдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференциясы өттү. Бул туурасында УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарада окумуштууну УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Э.Сариева, Жазуучулар союзунун төрагасы А.Рыскулов жана коомдук ишмер Т.Тургуналиев куттуктады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков менен Илим жана билим берүү министри Г.Кудайбердиеванын Т.Аскаровго арналган расмий куттуктоолору окулду.

УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик М.Джуматаев илимпозду юбилейи менен куттуктап жатып, анын илимдер академиясында өткөн илимий ишмердүүлүгүнө токтоло кетти. Ал эми Гуманитардык жана коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.Акматалиев окумуштуунун адабият тармагына кошкон салымын баса белгиледи.

«Теңдик  ага  Жазуучулар союзун башкарып турган учурду  Кыргыз адабиятынын «Алтын доору» деп белгилөөгө негиз бар» – деди.

Конференциянын катышуучулары – УИАнын окумуштуулары, илимий кызматкерлери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер –  Т.Аскаровдун философия, эстетика, маданият, адабият, этика жана башка тармактарда чагылдырылган эмгектери тууралуу сөз кылышып, докладдарын окушту.

Иш-чарада кабыл алынган резолюцияга ылайык илимий басылмаларга жана ММКларга макала жарыялоо, окумуштуу тууралуу документалдык фильм тартуу, Т.Аскаровдун чыгармачылыгына байланышкан материалдарды кыргыз философиянын тарыхы боюнча окуу программасына кошуу сунуштары киргизилди.

Маалымат үчүн:

УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору, профессор Т.Аскаров – 350дөн ашуун эмгектин автору жана “Дружбы народов”, “Знак почета” ордендеринин, “Даңк” медалынын ээси. Ал 1960-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, Кыргыз ССР илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун окумуштуу катчысы кызматын аркалаган. Баштапкы эмгек жолунда “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары, Кыргыз ССРнин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комиссиясынын маданият бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, СССР Жазуучулар союзу башкармалыгынын төрагасы болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: