Menu

Донбасстан келген көзгө атаар аял Жогорку сотко эмнеге кирмек болгон?

Бөлүшүү:

Күч тармактарынын кызматкерлери Донбасстан келген көзгө атаар аялдын Кыргызстандын Жогорку сотуна кирүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы тууралуу маалымат таратты. Маалыматта окуя 8-сентябрь күнү болгондугу, көзгө атаар аялдын жанынан «Драгунов» үлгүсүндөгү снайпердик мылтыктын огу табылгандыгы жана ал Россиянын жараны экендиги гана айтылган. Ал окту тирге барганда алганын айтып жатат. Донбасста болгонун айткан, бирок так документтер жок. Азыр териштирилип жатат. Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 241-беренесинин негизинде (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча иш козголду. Деги эле донбасстык деп жаткан аял Жогорку сотко кандай максат менен кирип, эмне тапшырманы аткармак деген суроого тиешелүү органдар жооп издеп жаткан кез. Учурда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап жатат.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: