Menu

Өзбекстанда жаштарды Сириядагы террордук топко жөнөтүүгө шектелген киши кармалды

Бөлүшүү:

Өзбекстан ИИМинин кызматкерлери өлкөдөгү жарандарды азгырып, Сириядагы эл аралык «Тавхид ва жиход катибаси» террордук уюмуна жөнөтүүгө шектелген кишини кармашты. Бул тууралуу 2-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Самарканд облусунун 24 жаштагы тургуну 2019-жылы Египетте окуп жүрүп, террордук уюмдун идеасынан таасирленип, алардын катарына кишилерди тартуу ишине аралашкан.

Расмий билдирүүдө кармалган кишинин мобилдик телефонунда экстремисттик мүнөздөгү ар кыл материалдар табылганы айтылат. Ошол эле маалда ал кандай жагдайда жана кимдерди Сирияга жөнөткөнү жөнүндө маалымат жок.

Шектүүгө карата кылмыш иши козголду.

Өзбекстандын Жогорку сотунун чечими менен «Тавхид ва жиход катибаси» 2016-жылы Өзбекстан аймагында тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: