Кара-Балта шаарында мушташ учурунда милиция кызматкери бычактан жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булактарына таянып жазып чыгышты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя өткөн жумада болгон. Караоке-барга келгендердин ортосунда мушташ чыгып, катышуучулардын бири милицияга кайрылган. Андан соң окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.
Тергөөнүн натыйжасында, мушташтын катышуучуларынын бири милиция кызматкерин бычак менен сайып салган. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучу Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн айдоочусу.
Милиция шектүүнү бычак менен сайып жаткан жеринен колго түшүргөн. Ошондой эле, баргандардын арасында Панфилов РИИБдин криминалдык милициясынын кызматкери болгону айтылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ