Menu

Алмазбек Атамбаевдин ден-соолугуна байланыштуу сот отуруму 16-декабрга жылдырылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот ишин кийинкиге калтырды. Отурумду судья Азирет Медеров алып барууда.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев сот отурумуна катышкан жок. Мындан тышкары, соттолуучулар Албек Ибраимов, Аскар Шадиев, айрым адвокаттар жана жабырлануучулардын өкүлдөрү отурумга катышпай жатышат.

Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу процессти бир жумага жылдырууну суранган. Ошондой эле, айыптоочу тарап, адвокаттар, айыпталуучулар жана жабырлануучулар дагы процессти кийинкиге жылдырууну суранышкан. Тараптардын пикирин уккан судья сот отурумун 16-декабрга жылдырууну чечти.

Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алгандыгы, мыйзамсыз байып кеткендиги жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандык үчүн айыпталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: