Назира Айдарова Кыргызстандын Көркөм гимнастика федерациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жарыялады.
Маалыматка ылайык, 9-декабрда КРнын Көркөм гимнастика федерациясынын отчеттук-шайлоо конференциясы болуп, анда Назира Айдарова бир добуштан шайланды. Ал буга чейин вице-президент болгон.
Ошондой эле, Лилия Ильясова курама команданын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ