Menu

Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Албек Ибраимов калп айтып жатат, эгер жалган-жашыкты дагы айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом”

Бөлүшүү:

— Улукбек Зулпукарович, азыркы бийлик Уңгар-Тоо маселесине келгенде баарын Бакиевдерге шылтап, жерди өзбектерге өткөрүп берип койгонун айтышууда. Сиз ал убакта парламентте депутат болуп олтургансыз да. Бул маселе каралып, сөз болгон беле?

— Мен бул боюнча так жана кесе айта алам, биз иштеп турган мезгилде Уңгар-Тоо маселеси боюнча таптакыр кеп козголгон эмес. Өкмөт дагы, парламент дагы бул боюнча кеп кылганын уккан эмесмин. Ошондуктан бул маселе боюнча КТРКдан кайра-кайра көрсөткөндөн кийин атайын кызыгып, чек ара боюнча өкүлдөн документтерди сурап толук карап чыктым. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон учурда кыргыз тарапта “Кыргыз-Өзбек” сүйлөшүү протоколу, Өзбек тарапта “Өзбек- Кыргыз” протоколу деп жазылат. Мени таң калтырганы КТРКдагы берүүдө “өзбек-кыргыз” сүйлөшүүлөрү деген документтин чыкканы болуп жатат. Улуттук каналыбызда кайдан жүрүп Өзбекстандын документтери пайда болду? Бул атайын жасалган провокация эмеспи деген суроо туулуп жатат. Эгерде улуттук каналыбыз ошончолук эле маалымат бергиси келсе, биздин өлкөдөгү документтерди берсе болмок да. Эмне үчүн өзүбүздүн документтерге таянган жок? Улуттун кызыкчылыгын коргогондо этият болушубуз керек. Биз атайын документтерди карап чыкканыбызда Уңгар-Тоо турган жер атайын протоколдо макулдашулган эмес деп жазылып турат. Демек, бул жер жөнүндө сөз такыр болгон эмес. Сөз болсо дагы эки тарап бир пикирге келе албай, маселе ачык бойдон калып калса керек. Бул документтер Кыргызстанда бар. Кызыкккан кишилер алып караса болот. КТРдин ушундай опурталдуу учурда маалыматты атайын бурмалап бергендиги таң калтырат.

— Башка дагы документтерде кандай маалыматтар бар экен?

— Эч кандай деле маалымат жок. СССР убагында ар кандай убакта ар түрдүү чечимдер кабыл алынып турган. Себеби бир мамлекеттеги республика болгондуктан, ич ара жайыттарды берип мамиле болуп тургандыктан карталар ар жылда ар кандай түшө берген. Азыркы талаш-тартыш деле ушундай маселенин айынан чыгып жатат. Мындай чаташкан маселелерге 1991-жылдагы КМШны түзгөн учурда атайын саммитте баардыгы кол коюп “союздук республикаларда ар ким 1991-жылдагы чек араларда бири бирин тааныйт”- деп бир чечимге келишкен. Демек, 1991-жылы ким кандай жайгашкан болсо, башка маселеге карабай туруп ушул маселени чечиш керек болчу. Тилекке каршы эгемендүүлүк алган учурда эйфория менен чек аралар чечилбей, талаш жылдан жылга күчөп атат. Себеби бир айыл экиге бөлүнүп калган жерлер да бар. Бул олтуруп дипломатиялык жол менен гана чечилчү маселелер десем болот. Биз үчүн 1991-жылдагы карта негизги курал болуп аймактар такталуусу зарыл.

–1991-жылдагы карта боюнча Үңкүр-Тоо биздикиби?

— Ооба, толугу менен биздики. Өзбекстан дагы ошол келишимге кол коюп, чек араны тааныган. Унгар-Тоо өзбектердики же болбосо берилип кетиптир деп айтууга бир дагы документ негиз болуп бере албайт.

— Бийликтин ММКлары, ошол эле КТРК бүтүндөй журтка кайра-кайра көрсөтүп, Бакиевдер эбак эле “тартуу кылып жиберген” деген документтер кайдан чыкты?

— КТРК 2006-жылкы визиттеги өзбек-кыргыз протоколу деп Өзбекстандын колунда калган документтерди көрсөтүп жатышат. Менимче бул нерсе терең изилдениш керек. Бул боюнча өз алдынча баа бербесек болбойт. Биз башкаруучу коалициядагы фракция, же оппозициядагы фракция деп ар кимибиз ич ара талашып чырдашканыбыз менен мамлекеттүүлүк, чек ара дегенде этияттуулук ирээтинде мамиле кылып, мамлекетибиздин карыш жери үчүн күрөшүшүбүз керек деп ойлойм.

— Өзбек тарап ушуну менен экинчи жолу аскерин киргизип, кайра чыгарып кетип жатат. Эмне сырды көрүп жатабыз? Кандай күнөөбүз үчүн?

— Бул да болсо биздин чек ара кызматынын алсыздыгы деп билем. Андай талаштуу жерлерге аскерлерин киргиздирбей бекем кайтаруу зарыл эле. Аскер кирген шартта дагы силердин акыңар жок, бул эмне кылганыңар деп тең ата сүйлөшүшсө болмок. Эгер силер аскер киргизсеңер биз да чара көрөбүз, ошого жетпейли дешсе жарашмак. Көчүп кете албагандан кийин дипломатиялык түрдө кошуналар менен сүйлөшө билүү абдан зарыл. Кыргызда илгертен алыскы туугандан жакынкы кошуна артык деген кеп бар. Каалайбызбы, каалабайбызбы кошуна жашайбыз. Чек арабыз бир, сүйлөшүүдөн башка жолубуз жок.

— Бакиев чын эле кол коюп берип салган учурда Өзбекстан дароо эле зым менен чырмап өз аймагына кошуп алмак да. Алардын чек араны аскер коюп зым тартпаганына караганда бул жер Кыргызстандыкы гана деген ойго түртүп жатпайбы?

— Чек араны так тактоо үчүн атайын чек ара маселеси боюнча комиссия кол коёт. Калган ишти тактап, тышкы иштер министри кол койгондон кийин эки президент кол коюп берет. Эки президент кол койгондон кийин парламент ратификациялайт. Ошондуктан сөз башында айтып кеттим, Үңгар-Тоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болгон эмес. Расмий жолугушуунун протоколунда дагы Үңгар-Тоо боюнча эч кандай келишимдер жок, маселе ачык бойдон калган.

— Бүгүнкү күндө “Дастан” заводунунун айланасында абдан көп сөздөр айтылып жатат. Сиз ал жерде жаштайыңыздан иштеп, жетекчи дагы болгонсуз. Сизди шаар башчысы Албек Ибраимов дагы өзүнүн сөзүнө кошуп сатып жиберген деп айыптады. Сиздин жооп?

— Мен баса белгилеп кетейин. Өзүм дагы шаардын башчысы Албек мырзанын маалымат жыйынын көрүп абдан таң калдым. Биринчиден мен 2007-жылы депутат болуп шайлангандан кийин ал заводду өткөрүп берип, депутат катары ишимди улантканмын. Албек болсо “Текебаев жөн эле айтып жатат”-деп чыкты. Мен да айтайын, Албек мырза “Ормонов Улукбек саткан”-деп оозуна келгенди жөн эле айтып койду. Эгерде мен саткан болсом, ошол 2007-жылга чейинки жетекчи болуп турган документтерди көрсөтсүн. 2008-жылдары кантип, кандай болуп сатылган, ошол убактагы жетекчилер жооп бериши керек. Азыр Мамлекеттик каттоодогу ким, качан, кантип сатып алганы боюнча документтердин баары ачыкталды. Биздин борборубуздун башчысы Албек мырза чоң кызматтагы киши, документтерге таянып сүйлөсө жакшы болмок. Күнөөлөгөнү үчүн Текебаевди сотко беребиз деп оолугуп жатышат. Эми мен Албек мырзаны сотко бербей эле коёюн. Заводдо 20 жыл эмгектенгем, карамагында эмне бар, кайсыл жерде багы, пансионаты, баардыгын жатка билем. Заводдун ичиндеги аймактын ар бир метри дагы менин эсимде.

“Дастан” акционердик коому бул биринчиден стратегиялык мааниге ээ Кыргызстандын эң ири аскер заводдорунун бири. Ошол эле учурда бизде стратегиялык объекттер жөнүндө мыйзам бар. 2008-жылы 23-майда кабыл алынган. Ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин стратегиялык обьект деп эсептелип атайын тизмеге кирген Кыргызстандын ар кандай менчигиндеги ишканалардын биринин дагы жери, мүлкү сатыкка коюлууга акысы жок. Сатам деген болсо, биринчи кезекте Өкмөткө сунуш кылынат. Бул боюнча мыйзамда так жазылган. Өкмөт албай артка кайтарганда гана атайын чечим менен сатса болот. Ошондуктан 2010-жылдан кийин өздөрүнүн чечимдерин кантип өзгөртүп, кантип сатышкан, аны өздөрү жакшы билишет. Көпчүлүк азыр, Албек ушинтип айтыптыр, жооп бербейсизби деп жатышат. Мен азырынча жөн коёюн. Эгер жалган-жашыкты айта берсе, маалымат жыйын берүүгө аргасыз болом.

— Заводдун баардык аймагын билем деп кеттиңиз. Президент азыр үй салып жаткан жер кандайча бул кишинин колуна тийип калганын деле билсеңиз керек?

— Мен 2007-жылы заводду өткөрүп берип, Жогорку Кеңешке депутат болуп кеткем. Ошол убакта азыркы талашка түшүп жаткан жер заводдун багы катары балансында турчу. Андан кийин ким, кайда, кантип сатты ишим болгон эмес. 2003-жылдары завод жетекчилигинин чечими менен ал жердеги бакты эс алуу жайы кылалы деген ой менен коттедж салына баштаган. Аймагын толугу менен атайын курчап чыгышкан. Кийинкилерин билбейт экенмин. Мунун баардыгына укук коргоо органдары өз бааларын беришет деп ишенем.

— Кечээ Өмүрбек Текебаев ал жердин аймагын 27 гектар деп чыкты. Кайра 2 гектар дейт. Негизи аймагы канча ал жердин?

— Мен билгенден жалпы аймагы 3 гектарга жакын болчу.

— Жогорку Кеңеште ушул маселенин айынан маанай курчуп кетмек болду?

— Башкаруучу коалициянын жетекчилеринин Жогорку Кеңештеги кайым айтышуусун элдин баары көрдү. Баардыгы өздөрү мойнуна алып башкаруучу коалиция де-юра бар, де-факто жок деп айтышууда. Мен ошону Албек мырзага айтат элем. Текебаев менен бирдемени талашса өздөрүнчө мени кошпой талашсын. 2010-жылкы жакын достор бири бирин айыптоодо. Булар чогуу келип бизди бийликтен кетирип, өздөрү бийликке келишкен. Эми өздөрү жасаган иштерине өздөрү мыйзамдын алдында, чегинде жооп берсин. Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта 2010-жылдарда ким эмне кылганын ачык айтты. Эми өлкө башчысынын сөзүнө укуктук баа берүү, убактылуу өкмөттүн кимиси эмне кылганын прокуратура текшерип, элге ачык айтышат деп мен ишенем.

 Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: