Menu

Турсунбек Акун Конституциялык кеңешменин ишин токтото турууну сунуштоодо

Бөлүшүү:

Турсунбек Акун референдумга чейин Конституциялык кеңешменин ишин токтото турууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда пленардык жыйында билдирди.

“Депутаттар референдумга өлкөдөгү башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) сунуштап жатышат. Эл парламенттик башкаруу формасын тандап алсачы? Кечээ биздин спикер интервьюад мындай жагдайда учурдагы Конституция калат деп айткан. Мен буга макул эмесмин. Бүгүнкү Негизги Мыйзам балык да эмес, эт да эмес. Бизде кандай башкаруу формасы бар экени белгисиз. Ошондуктан, мен тыныгууну сунуштайм, азырынча онлайн режиминде иштей беребиз. Референдумду күтө туралы. Элдин тандоосуна жараша, андан кийин Негизги Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгабыз”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Баш Мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду. Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: