Menu

Президенттик шайлоо: Эртең, 15-декабрда үгүт өнөктүгү башталат

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттоону аяктады, шайлоо өнөктүгү эртең, 15-декабрда башталат. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Анын айтмында, Конституциялык мыйзамга ылайык, үгүт иштери шайлоого 35 күн калганда башталат. Бирок бул кезексиз шайлоо болгондуктан, үгүт жараяны 26 күн калганда башталат.

“Президенттикке талапкерлер программасын тааныштыруу үчүн шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүнүн эрежелери жана ченемдери конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн, мындан тышкары аларга мамлекеттик КТРК жана ЭЛТР телеканалдарында акысыз эфирдик убакыт берилет” – деди ал.

Белгилей кетсек, БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 18 талапкерди каттаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: