2021-жылдын 10-январына белгиленген кезексиз президенттик шайлоону өткөрүү үчүн Кыргызстандын тышында 28 мамлекетте 45 шайлоо участкалары түзүлгөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова коомдук диалог учурунда билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 26 мамлекетте 36 шайлоо участкасы болгон.
Шайлдабекова ошондой эле Москва шаарында эки, Тюмень шаарында бир шайлоо участкасын ачуу маселеси каралып жаткандыгын белгиледи.
14-декабрга карата 35 миң 575 жаран чет өлкөлөрдө жүрөт. Өлкөдө жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн жарандар, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2020-жылдын 29-декабрына чейин) чет элдик өкүлчүлүктөргө өздүгүн тактаган документ менен кайрылышы керек. Шайлоочулардын алдын ала тизмесинен ката же так эместик табылса, ошондой эле алар жашаган же жашаган жериндеги шайлоо дареги боюнча добуш бергиси келсе, деп билдирди БШК.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ