Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо комиссиялары тарабынан аткарылышы үчүн алгоритмдерди, талаптарды иштеп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
«Декабрда, январдын башында, бизде президенттик шайлоого байланыштуу массалык иш-чаралар өтө көп болот. Анын ичинде: үгүт иш-чаралары жана адамдардын массалык чогулуштары. Учурда инфекция жуккан учурларды алдын алуу зарыл.
Октябрь окуяларында массалык иш-чаралар болуп, көптөгөн адамдар чогулуп, режим бузулган. Адамдар бет кап режимин сактаган эмес, антисептиктер болгон эмес. Октябрь айынын аягында бул багытта татаалдашуулар болду», – деди Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев шайлоого байланыштуу адамдардын чоң чогулуштары күтүлүп жаткандыгын айтты. Профилактикалык иштерди жүргүзүү керек. Анын ичинде бет кап кийип, антисептиктерди колдонуп, аралыкты сактоо керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ