Menu

Равшан Жээнбеков: “Эгер мен президент болуп калсам Президенттикти, УКМКны жоём, прокуратураны Минюстка кошуп, өкмөттүн курамына киргизем”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-декабрда президенттикке талапкер Равшан Жээнбеков биринчилерден болуп Кыргызстанды өнүктүрүү программасын сунуштады. Ал 24.kg маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда “Эл менен” шайлоо программасы тууралуу айтып берди.

Равшан Жээнбеков анын негизги максаты президенттин авторитардык институтун жоюп, элдик мамлекет башчысына өтүү экендигин баса белгиледи.

“Мамлекет башчысынын чыгымдары кескин кыскарат. Президент өз үйүндө жашашы керек. Мамлекеттик кызматта 900 кызматкер иштейт деп элестетип көрсөңүздөр, аларга жылына 400 миллион сом сарпталат, президенттин администрациясына 120 миллион жумшалат. Мен бул чыгымдарды 10 эсе азайтууну көздөп жатам”, – деди ал.

Ал бийликте отургандарды резиденцияда жашоодон баш тартууга чакырды.

Равшан Жээнбеков өлкөдөгү сот тутуму ачык жана көзкарандысыз болорун, сотторду тандоо кеңеши жаңыдан түзүлүп, бардык сот процесстери ачык өтөрүн айтты.

“Эгер мен президент болуп калсам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жоюлуп, Башкы прокуратура Юстиция министрлиги менен бириктирилип, өкмөттүн структурасына жайгаштырылат” – деди ал.
Ошондой эле, министрлер кабинетине дүйнөнүн эң мыкты университеттерин аяктаган билимдүү жаштардын чакырылышы күтүлүүдө.

“Экономикалык эркиндик” пункту биз чакан жана орто бизнеске салык жүктөмүн азайтабыз дегенди билдирет. Ишкерлер эл аралык арбитражга кайрыла алышат. Соттун акыркы чечими чыкмайынча ишкерди салык жана экономикалык мыйзам бузуулары үчүн эркинен ажыратуу мүмкүн эмес ”, – деп кошумчалады президенттикке талапкер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: