Menu

Садыр Жапаров: “Кыргыз жеринде ата-энемдин, баламдын сөөктөрү жатат. Ошондуктан, менде жакшы жашоо издеп башка жакка кетсем же качсам деген ой жок”

Бөлүшүү:

“2021-жылдын 10-январында жаңы келечекти куруу үчүн туура жолду тандап алуу мүмкүнчүлүгү дагы бир жолу берилип жатат. Эгерде азыр кризистен чыга албасак, анда баарынан кол жууп калабыз” – деди бүгүн, 16-декабрда президенттикке талапкер Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районунун эли менен жолугушуу учурунда.

“Албетте, дымагы бийик сөздөрдү сүйлөй берсе болот. Бирок, мен да кыргызмын. Мен үчүн Кыргызстаным кымбат, анын тоо-ташынан, суусунан ыйык эч нерсе жок. Бул жерде менин ата-бабаларымдын, ата-энемдин, уулумдун сөөктөрү жатат. Бул жерде менин балдарым өсүп жатат. Ошондуктан, менде жакшы жашоо издеп башка жакка кетсем же качсам деген ой жок. Менин үй-бүлөм көп азап чекти. Бирок, эң башкы жана татаал жол дагы да алдыда турат деп эсептейм. Мен сын укканга, андан туура тыянак чыгарганга даярмын. Башкысы мага өлкөнү кубаттуу мамлекетке айлантып, кыргызстандыктардын ишеничин кайтаруу мүмкүнчүлүгү буйруп турат. Мен бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайм” – деди ал.

Ал ошондой эле, бийликтин жоопкерчиликсиздигин, адилетсиздикти, жакырчылыкты жоё турганын айтты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: