Menu

Видео – Абдил Сегизбаев: “Менин бир плакатка акчам жетпей жатат. Бир эргул мынча плакатка акчаны кайдан тапты?”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровдун Бишкекте илинип турган плакаттары боюнча ой-пикирин билдирди.

Сегизбаев бул плакаттарга акча каражатты Садыр Жапаров кайдан алды деген суроону берүүдө.

“Бишкектен келе жатып карасам, кайсы жерде столба болсо сүрөт турат. Мен таң калып жатам. Мен 17 жыл мамлекеттик эмес уюмдарда иштегем. Бир плакатка акчам жетпей жатат. Кечээ эле бир жерде отурган жигит, бир жарым айда миллион долларды кайдан тапты? Ушуну көргөн элдер өз чечимин чыгарат деп ойлойм. Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев – 87 баланы аттырган адамды мөөнөтүнөн мурда биринчи эле абактан чыгарды. Мен булардын бийликке келишине каршымын жана күрөшөм. Мен утулбайм, жеңип чыгам”, – деди Абдил Сегизбаев.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев сүйлөп жатып, Садыр Жапаровдун ысымын атаган жок. Аны жигит деп гана койду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: