Menu

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышкан

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына коопсуздук кызматынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 20-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан опузалап акча талап кылган деген шек менен жогорку кызмат адамдарынын биринин жардамчысы делген адам кармалган.

Кылмышка шектүү Жумалиевден ага каршы козголгон кылмыш ишин Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан токтотуу үчүн 160 миң доллар талап кылган. Ал Бишкек шаарында 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Жумалиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев акча талап кылган адам кармалгандыгын тастыктады. Бирок ал тергөөнүн купуялуулугуна шылтап маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, Финполиция тарбынан Жогорку Кеңештин депутаты К. Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда Кубанычбек Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: