Menu

Бишкекте жөө жүргүнчүнү эки унаа биринин артынан бири сүзүп алган. Жаран ошол жерде көз жумган

Бөлүшүү:

Милициянын кайгуул кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-декабрда болжол менен саат 07:55 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Юнисалиев көчөсүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен Юнисалиев көчөсүнөн түштүктү көздөй бара жатып №21 үйдүн тушунан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Жол кырсыгынан кийин башка күбөлөр жолдо жаткан жаранга жардам берип жаткан учурда, ошол эле багытта бара жаткан “Toyota 4Runner” үлгүсүндөгү авто унаа кайрадан ошол жарандарды сүзүп алган.

Жол кырсыгынын натыйжасында 1950-жылы туулган Н.В. аттуу аял киши ошол жерде көз жумуп, ага жардам бергенге аракет кылган 1990-жылы туулган М.А. аттуу жаран денесинен жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгынан соң качып кеткен биринчи айдоочуну издеп табуу боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүп, натыйжада издөө бөлүмү тарабынан болжол менен саат 12:30 чамасында “VOLKSWAGEN PASSAT” үлгүсүндөгү авто унаанын 1955-жылы туулган С.Э аттуу айдоочусу кармалган.

Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу токтотуучу короо жайга токтотулуп, ал эми айдоочулары Бишкек ШИИББнын ЖТКры боюнча Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: