Menu

Видео – Илим Карыпбеков: “13 жаштагы кызды зордуктаган адам эмес 3 акмак түрмөдөгү “каралардан” коркуп, болгон акчасын ар кайсы жакка сунуштап, актанып жатышат”

Бөлүшүү:

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков Ысык-Көлдөгү 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча өзүнүн пикирин Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Биринчиден, жанагы Сабыр Солтонбеков деген судья адам эмес. Ал судья болмок турсун, элдин арасында башын көтөрүп жүрүүгө моралдык укугу жок деп ойлойм. Кудай анын берин ары кылсын, бирок анын 13 жашар кызын 3 килейген эркек зордуктап, күнүгө жыныстык катнашка барып турса, ошондо судья эмне кыларын көрөт элем. Алчусун алып коюп, кылчусун кылып коюп тымпыйып отурат, бул киши адам деп айтуу мүмкүн эмес” – деди Илим Карыпбеков.

Ал жаш кызды зордуктаган адамдар моралдык жактан жашоого укугу жок экенин, аларды элдин катарынан чийип салуу керектигин айтты. Ушул эле ыкма сотторго да колдонуусу керектигин белгиледи.

“Акыйкат издеген эл аягында “караларга” кайрылат. Жанагы үчөө түрмөгө түшсө, “каралар” аны эмне кылаарын билесиздер. 13 жашар кызга кылган нерседен да жаман нерсени кылат. Ошондуктан, жанагы адам эмес 3 акмак соттон, прокуратурадан, элден коркпой, “каралардан” коркуп болгон акчасын ар кайсы жакка сунуштап, актанып жатышат. “Каралар” алардын өпкөсүн үзбөйт, андан жаман нерсени кылышат. “Каралар” өзүнүн мыйзамы менен акыйкатты орнотуп коюп жатат. Ошон үчүн алардын аброю көтөрүлүп, укук коргоо органдарынын аброю тескерисинче түшүп жатат” – деди ал.

 

Эске сала кетсек, Тоң райондук соту 11-декабрда 13 жаштагы мектеп окуучусун зордуктоого шектелген эки адамды актаган. Бир гана айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок далилдер болгондугуна карабастан, сот ага жеңил беренени колдонуп, жазасын жеңилдеткен. Кыздын туугандары анын эки жылдан кийин эле эркиндикке чыгып кетет деп нааразы.

Кыргызстандыктар социалдык тармактарда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбековдун 13 жашар кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актаганы боюнча териштирүү жүргүзүүнү  талап кылышууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: