Menu

“Ала-Тоо” аянтындагы мыйзамсыз оюн түйүндөрү алынды

Бөлүшүү:

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте тиешелүү уруксаты жок объектилерди алууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү дагы атайын топ мыйзамсыз объетилерди алууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин Ала-Тоо аянтында 7 оюн объектиси демонтаждалган.

Андан кийин, Свердлов районунда уруксат берилбеген 23 штендер жана баннер, 6 мыйзамсыз тосмо алынган.

Шаардын Биринчи май жана Ленин районунда 33 жарнак конструкциясы, Көлбаев көчөсү 8 дарегиндеги мыйзамсыз унаа токтотуучу жайдын чынжырлары жана түркүктөрү алынып салынган.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Лев Толстой көчөсүндөгү темир тосмо өз ыктыяры менен түрттүрүлгөн.

“Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Ал эми мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүздөр, анда төмөнкү номерге чалыңыздар: 0777147493”,- деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: