Пара талап кылгандыгы үчүн кармалгандардын арасында балбан, Кыргызстандын чемпиону Руслан Царевдин бир тууганы – Роман дагы бар. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге укук коргоо органдарындагы өздүк булактар тастыкташты.
Алардын айтымында, кармалган адамдын ага карата кылмыш ишин жасоодо ойногон ролу азыр аныкталууда.
Кыргызстандын Күрөш федерациясында бул окуя тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгенин белгилеп, окуя боюнча комментарий бере алышкан жок.
Эскерте кетсек, бүгүн милиция эки жаранды кармашкан. Алар тергөө амалдары боюнча Бишкек шаарынын тургунунан 380 миң сом талап кылышкан. Алар аны тоого алып барып өлтүрөбүз деп коркутушкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ