Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, челлендж баштады.
Министр өз куттуктоосунда балдардын билимдүү жана адептүү болушуна, алардын келечеги кең жана бакубат жашашына тилектеш экендигин билдирди.
Министрдин айтымында, республикалык “Балажан” эстетикалык билим берүү окуу-усулдук борбору өлкө боюнча жетим балдар интернаттары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар интернаттарынын арасында “Жаңы жыл – Жаңы үмүт” аттуу сүрөт сынагын өткөрдү.
“Сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү республикадагы жетекчилерге, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилерине жана өкүлдөрүнө белек катары жөнөтүлдү. Мага Ош облусундагы атайын жалпы билим берүүчү дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынан 13 жаштагы Жунусакунов Иманбектин сүрөтү келди. Иманбек, сага чоң рахмат! Мен дагы өзүмдүн атымдан сага планшетти белек катары берем”, – деди Алмазбек Бейшеналиев.
“Ушул жакшы саамалыкты эстафета катары улантууну премьер-министрдин милдетин аткарган Артём Эдувардовичтен суранам” – деди министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ