Бүгүн, 26-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 157 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 60, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 27, Ош облусунан – 20, Талас облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 20, Жалал-Абад облусунан – 10, Баткен облусунан – 4, Нарын облусунан – 5 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 80 182 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 300 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 74 477ге жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 102, Ош шаарынан – 9, Чүй облусунан – 97, Ош облусунан – 16, Талас облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 25, Баткен облусунан – 14, Нарын облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 4 бейтап каза болду. Алардын жалпы саны 1344кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ