Menu

Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатры толук ремонттон өттү

Бөлүшүү:

Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда КР Маданият министрлигинин  басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, салтанаттуу ачылышка КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана облустук, райондук бийлик өкүлдөрү катышкан.

Кинотеатр 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп баштаган.

Имаратын оңдоп-түзөө үчүн республикалык бюджеттен 15 млн. сом которулган. Бул каражатка кинотеатрдын сырткы жана ички жасалгалоосу  азыркы убакытын талаптарына жооп берген материалдарды колдонуу аркылуу чоң 300 орундуу жана кичи 33 орундуу зал (3D) жасалып, жаңы жылытуу, жарык берүү  системалары, заманбап техника жана  жаңы креслолор орнотулган.

Нарын областынын Кочкор районундагы “Чолпон” кинотеатры 400 орундуу бир  залы менен 1966-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилген убакыттан тартып оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес.

2012-жылы  Маданият жана маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин карамагына алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 93 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: