Menu

Умбеталы Кыдыралиев: “Мыйзам өзгөртүүсү кабыл алынса, спорт федерациялардын ортосунда талаш-тартыштар жаралбайт”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев кечээ, 13-январда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, отурумда каралган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына” сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу ой бөлүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Анда спорт жаатында иш алып барган юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоону жөнгө салуу шарттары такталууда.

“Негизинен спорт тармагындагы саясатты тескөө милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин иши. Ошол ведомство аркылуу катталууну каалаган тараптардын так эсеби алынып, андагы катышуучулар менен окутуп – машыктыруучу курамдын квалификациясы кылдат иликтенип, андан кийин гана катталуу процедураларына жол ачылат”, – деп түшүндүрдү студия мейманы.

Мыйзам өзгөртүүсү кабыл алынса, федерациялардын ортосунда талаш – тартыштар жаралбайт. Азыркы тапта 120га жакын федерациянын 77си спорттун олимпиадалык түрүнө таандык, – деген депутат Умбеталы Кыдыралиев, – улуттук олимпиада комитетинин ролуна да токтолду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 53 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: