Орустун белгилүү саясий изилдөөчүсү А. Дубнов өз сөзүндө БУУнун башкы ассамблеясына бара жаткан Алмазбек Атамбаевдин ооруп калганын «дипломатиялык оору» деп атады. Сиз Дубновдун сын пикирин кандай кабыл алдыңыз?
– Адам ооруп жатканда ар нерсеге жооруп, көп сөздөрдү чыгаруу адамгерчиликке жатпайт деп ойлойм. Өзгөчө бизге, саясый атаандаштарга баланча- түкүнчө деп божомолдоп сөз кылуу жигиттикке да жатпай калат. Россиянын аналитиктери эмне деп айтса өздөрүнүн жолу бар. Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Бирок белгилүү ырдагыдай, жүрөлүчү жүрөк оорутпай деген сыяктуу мамилелер реалдуу турмушта болбойт. Анткени биз бири-бирибиздин кемчилигибизди айтып турушубуз зарыл. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ