Menu

Зилалиевге ишенүү карышкырга кой кайтарткандай

Бөлүшүү:

Акыркы он күндүн ичинде 208 жол кырсыгынан 42 жарандын өмүрү кыйылып, 321 киши ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу өкмөттүн өткөн аптадагы жол коопсуздугуна арналган жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери катталган жол кырсыктардын саны 5 миңден ашып, 695 киши анын курмандыгы болду. Жаракат алгандардын саны 7800дөн көп. Бул кесепеттерди жоюу максатында Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлмөй болду. Натыйжада былтыр эле ИИМдеги реформанын алкагында түзүлгөн Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлду. Өкмөткө караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия түзүлүп, анын төрагалыгына вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев бекитилди. Мына биздин жетекчилер көйгөйдү чечүү деп бир кызматты жоюп, кайра экинчисин түзүүнү туура көрүшөт. Башка колдорунан эч нерсе келбейт. Болгон жетишкендиктери реформа дешип, миллиондогон каражатты кумга сиңген суудай жок кылышып, анан «реформа кылып жатабыз, ал сыр» дешип «дөөрүшөт». Деги эле ушул Зилалиев аралашкан маселе жакшы болчу эмес эле. Кайсы жерден төбөсү сорок этсе, ошол жерде ызы-чуу чыгат. Карышкырга кой кайтарткансып, ушул Зилалиевге ишенбеш керек болчу.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: