Menu

“Камбагал депутат”… же Текебаевдин үй-бүлөсү, 2010-жылдан берки кыска мөөнөттүн ичинде өтө таасирдүү бай адамдардын катарына кантип кошулду?

Бөлүшүү:

 

Бул сүрөттөгү Текебаевдин айылда жыйырма жылдан бери чатыры жабылбай жаткан үйү. Ал айылдаштары, шайлоочулары менен жолукканда “Акмандык туугандарым, менин жердештерим! Парламентте, өтө бай депуттар көп. Алардын базарлары, кафе, ресторандары, сауналары, АЗСтери, мейманкалары, тактай кампалары, менчик окуу жайлары, жеке фирмалары, банктары, дүкөндөрү, жол куруучу фирмалары, эс алуучу пансионаттары жана башка байлыктары, кабат-кабат үйлөрү бар. Мен айлык менен жашаган жалгыз депутатмын. Алган маянамды, айлыктан-айлыкка эптеп үнөмдөп жеткирем! Бул жагынан силерге жакынмын. Корко турган эч нерсем жок. Ошон үчүн Акаев, Бакиев, эми Атамбаевди да коркпой сындап келем. Уурулук кылбаган, колу таза, эл үчүн күйгөн адам гана эч кимден коркпой сүйлөйт. Менин болгон байлыгым-менин чынчылдыгымда! Баскан жолум таза, ошон үчүн эч кимден коркпойм. КТРден, 5-канал, 7-каналдан мен туурасында айткандардын баары калп! Менин колумдан, мыйзам жазуу гана келет… Бекер жеринен Конституциянын атасы деп айтышпайт. Эгерде менин ашыкча байлыгым болсо силер күндө көрүп жүргөн үйдүн чатырын эбак эле жаап коёт элем го…”-деп Өмүрбек Текебаев жыйырма беш жылдан бери элдин кулагына лапша илип келет. Ошон үчүн аны билгендер “лапшагон” дешет.

Акыркы күндөрдө эки кыргыздын башы бириксе эле, Текебаев менен Атамбаевдин ортосундагы саясый эрөөлдүн аягы эмне менен бүтөөр экен деп калышты. Алгач, Өмүрбек Текебаев “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну”, андан кийин КМШ мамлекеттеринин саммити, президент Атамбаевдин 60 жылдык мааракеси болуп жаткан учурда, эл арасында бир топ саясый упай топтоп, ажону жамандап алганга үлгүрдү. Менчик телеканалы “Сентябрь” аркылуу күнү-түнү бир жактуу каралап, СДПК партиясын, анын баштагы лидери А. Атамбаевди улактай эле сүзгүлөдү го чиркин. Анын айткан сөзүнө карапайым эл башында ишенди. Айткан аргументтери, ынанымдуу көрүндү. Алгач чындык ал тарапка оогандай болду эле. Күтүүсүз соккудан кийин, эми гана эстерине келген СДПКчылар Текебаевге КТР, ЭлТР, 7-канал, 5-каналдар аркылуу оор артиллериядан сокку урушуп, чабуулга өтө башташты. Тыйындын эки бети болот дегендей, бүгүн адалсынган Текебаевдин өзүнүн абийири кетип турган кез. Эми, Текебаев чыркыраган чындык ал тараптан качып, коргонууга өтүп, кайпалактап калган учур. Көрсө, эл арасында “эң кембагал депутат”, айлык менен гана жашаган Текебаев “буржуйлардын” катарына эбак эле кошулуп “бай-батча” болуп кеткенин билбей жүргөн экенбиз. Текебаевдин бети калың экен, кайра бет тырмачылык кылып “Алтымышка чыкканда жер там салсам болбойбу, айылдык болгондуктан сөөгүм ошол жер тамдан чыксын!”-деп актанганга үлгүрдү.

Анткени, дайыма өзүнөн-өзү түтөп, демократ сөрөй Текебаевдин жүзүнүн чыныгы бет пардасы эми ачылып отурат. Кечээ эле Атамбаевдин салган үйүн Кыргызстанга жарыя кылган Өмүрбек мырзанын өзүнүн калпы чыгып отурат. КТРдин журналистинин суроосуна бети кызарбай, “Мен үч комнаталуу үйдө гана жашап жатам… Жакында кененирээк үч бөлмөлүү үйгө чыксакпы деп турабыз. Башка байлыгым жок…” деп өзүн “итке минген томаяк” кылып көрсөткөн Өмүрбек Текебаев аманэсен эле болсун. КТРден көрсөтүп жаткан ушунча байлыгын жашырып, жалпы кыргыз элин, шайлоочуларын алдады. Өзүнүн калпычы, эки жүздүү саясатчы экенин бул ирет өзү далилдеп отурат. Жалпы кыргыз элине коррупция менен күрөшкөн, жылаңач айлык менен жашаган жалгыз Текебаев деген образынын быт-чыты чыга талкаланды окшойт. Бир кезде сөөмөйүн кезеп элдин байлыгын тоногон адамдарга “ичкениңди ириң, жегениңди желим кылам!” деп өктөм сүйлөгөн депутатка азыр ким ишенет? Айткан сөзү калп болуп, чыныгы “парткоррупционер” Текебаев өзү болуп чыкканын билбей калды көрүнөт. “Шибегени капка ката албайсың” деген элибиздин мыкты сөзү бар. 2010-жылы мародерчулук болгону чындык! Болгону ошол мародерчулукту ким жасаганы азырынча ачыкка чыга элек…

2010-жылдын кандуу 7-апрелине чейин түшкү тамак ичкенге акчалары жок отурган “Ата-Мекен” партиясынын “саясый элитасы” бүгүнкү күндө “иттери чөп” жеп турган кези. Баягы Өмүрбек Абдрахманов, Равшан Жээнбековдун колун караган күндөр эбак өткөн. Партиянын офисине баш баккан Өмүрбек Абдрахмановду курсактары кулдурап, өзөгү кургап өрттөнүп, ач калган “ата-мекенчилер” эшикти карап “спонсорубуз” кечикти го деп кезерип күтүп отурушчу. Өмүрбек Абдрахманов ал кезде бизнесте бутуна туруп калган капчыктуу адамдардын бири болчу.

Абдрахмановдун “бакма балдарындай ” болгон “ата-мекенчилерди” бир топ мезгилге чейин багып жүргөнүн өздөрү деле жакшы билишет го. Ошол эле Ө. Абдрахманов Текебаевдей башы көрүнгөн саясатчынын жөө жүргөнүн көрүп ага эки “Мерседес” авто унаасын белекке берген жагы да бар. “Обед” алып берип курсагын тойгозуп жүргөн Ө. Абдрахмановду кийин бетке айткан чындыгы үчүн сессия өтүп жаткан залда Текебаев жакалаганга чейин барганын теле көрүүчүлөр унута элек болсо керек. “Мал арыгын баксаң оозуңду майлайт, адам арыгын баксаң төбөңдү каңдайт”-деген сөздүн чындыгы ушул белем.

Өзүлөрү байып алган соң Ө. Абдырахманов менен Р. Жээнбековду партиясынан кетиришкенче шашышты. Анткени, Текебаев табиятынан өзүнөн күчтүү, финансы жактан көз карандысыз, өзүнүн пикирин бетке айта билген адамдарды жанына кармабайт. Чындыкты айткан адамдардан коркот. Ал табиятынан ошондой эгоист адам.

Ал айылдан токулган кара свитеринен башка байлыгы жок, бир баштык пакет менен борборго, чоң саясатка “жылаңач” келген, чындыкты гана сүйлөгөн айылдык мугалим болчу. Мугалимдердин табияты таза болот эмеспи. Депутат болуп саясатка аралашкандан бери булганды. Текебаев 2010-жылдан бери, Кыргызстандагы капчыктуу, май чайнаган күркүл, бай адамдардын бирине айланды деген сындар айтыла баштады. Керек болсо, айлык менен жашаган депутаттын өз маянасы Кытайда окуп жүргөн кызы Айданек менен АКШда окуган уулу Амантурга кеткен жардамдан ашпаса керек.

КТР телеканалы айлыктан-айлыкка жашаган депутаттын жүзүн ачты. Текебаев азыр коргонууга өттү. Бети ачылып калгандан кийин гана актангандай болуп өзүнө караштуу гезит, телеканалдардын журналисттерин алып үйлөрүн көрсөтүмүш болуп жүрөт. Көрсө, Текебаевдин сөзүнө ишенсек, бизнесмен аялы багып жүргөн тура. Кыска убакытта, удаа-удаасы менен төрөгөн аялы жаш балдары менен үйүндө отурбай эле бизнес кылып жүргөн тура. Депутаттын аялы эбак эле капчыктуу, түштүктүн тили менен айтканда “бай катынга” айланып калган тура. Андан көрө ачыгын эле айтпайбы? Шайлоолор болгон сайын Ө. Текебаев байыйт деген сөздөрдүн бекер жерден чыкпаганы да ошондон го. Балким, эл арасында айтылгандай кээ бир партиялаштарынын шайлоо өнөкөтүнө кошкон акчаларын “адалдаштырып” ушундай элиталык үйлөрдү алып тургандыктан ити чөп жеп жаткандыктын белгиси эмеспи? Эмесе, башкалардай башы көрүнгөн фирмасы жок, жалгыз Өмүрбек мырзанын маянасын карап отурган анын үй-бүлөсү, мынчалык кыска мөөнөттө байып кетүүсү мүмкүнбү? Азыркы күндө, обед учурунда Абдрахмановду күткөн Өмүке жок.

Өзгөчө, акыркы парламенттик шайлоодо башына карга чычкандай эле байыды дешет. Алдыңкы тизмедеги “алтын орундарга” барган талапкерлер өз каалоолору менен шакылдатып алды 500 000 доллардан эсептеп берип жатканда Өмүкенин алаканы ысык темирди кармагандай кызып турду дешет партиялаштары. Убагында “Ата-Мекенди” “Ата-Мекен” кылган колдору жука партиялаштары бул ирет шайлоо тизмесине илешпей калышты. Ал эми буга чейин, өмүрүндө бир да жолу “Ата-Мекен” деген сөз ооздорунан чыкпаган эл арасында “сараңбай” аталган Турусбек Мамашевдин эрке кызы, жана башка азыркы олигарх депутаттар да алдыңкы орундарга долларбайдын күчү менен келгени элибизге белгилүү го. Мына азыр Текебаевди жарга такаганда, анын жанында үч гана депутаты калганын көрдүк.

Өткөн шайлоодо акчалуу олигархтардын депутаттык орун үчүн кармашы болгону элибиздин эсинде калды. Бул ирет да, “Ата-Мекен” партиясы маарага президент Атамбаевдин айкөлдүгү менен гана эптеп-септеп илешип калды деген сөздөр эл арасында айтылып жүрөт. Анын чындыгы да бар. Президенттин ошол айкөлдүгүн, керек болсо жакшылыгын эшеги ылайдан өткөн жылкы мүнөз Текебаев бүгүн унутту. Атамбаевди көчөдөгү ушакчы аялдардын деңгээлине түшүп каралады. Текебаевде ыйык нерсе жок. Ал бир күндүк кызыкчылык менен жашаган адам. Парламенттик шайлоодон кийин өз ордун таап, мышыктай акырын жыла басып, саясатка анча аралашпай жүрдү эле, эми тили чыгып, лидерлик дымагы ойгоно баштады көрүнөт. Кээде элге да чала болду дегиң келет… Бүгүнкү күндө кыргыз элине күйгөн, табиятынан таза Мадумаровдой личность эмес, жеке турмушун элдин жашоосунан жогору койгон, калп айтуунун “академиги” Текебаевдей адам керек болуп турган учур. Өмүрбек Текебаев жыйырма беш жылдан бери элди алдоонун жолун абдан өздөштүрүп алган мыкты адис, “саясый шылуунга” айланды. Ал бүгүнкү күндө “партиялык рэкетке” айланды. Сабыр карышкыр (Мукамбетов) айткандай, азыркы күнгө чейин “Ата-Мекен” партиясынын курултайын өткөрбөй өз партиялаштарынан качып жүргөнүндө бир мандеми болсо керек. Карышкыр жөн жерден айтчу эмес эле. “Семиздикти кой гана көтөрөт” дегендей буга чейинки “чөнтөгү касал” Текебаев шайлоо болгон сайын партиялаштардын берген “взносторуна” семирип, каада күтө баштаганы ошондон го деген ой кетет.

“Ата-Бейиттеги” шейит кеткендерден коркпогон Өмүрбек мырза

2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуя, жалпы кыргыз элинин жүрөгүндө кара так калтырган күн. Бүгүнкү күндө КТРден көрсөткөн “Ата-Мекен” партиясынын лидеринин аялына таандык делген байлыктарга ким жеткиргенин Өмүрбек Текебаев унутуп калса, эстетип коёлу. Ушул жыл Текебаевдин үй-бүлөлүк жеке турмушун байытууга жол ачкан байсалдуу жыл болду. Ал эми эл үчүн, бул кандуу окуя башка үй-бүлөлөрдү эң кымбат жакындарынан түбөлүккө ажыратып, кайгыга батырган кайгылуу күн. Экинчи жагынан бул жылдар аралыгында кечээ эле, Өмүрбек Абдырахманов түшкү тамагын алып берип, курсагын кампайтып жүргөн Текебаевди байлыкка, бийликке алып барган жыл болду. Жамандыкты, арамдыкты ойлобогон карапайым эл Текебаевге окшогондордун колундагы куралы болуп, чындык, теңдик издеп Ала-Тоо аянтында чыркыраган бойдон окко учуп шейит кете беришти. Артка бир аз кылчая кетеличи. Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев “Ата-Бейитте” мындай деп жалындуу сүйлөгөн эле: “-7-апрель-тарыхый күн. Кыргыздын эр-азамат жигиттери, кыздары кыргыз элин кул кылууга мүмкүн эместигин далилдеди. Бир адам, бир үй-бүлө байлыгы, бийлиги менен, куралдын күчү менен чөгөлөтө албастыгын көрсөтүштү. Бул намыс үчүн күрөш күн болду. Өмүр жана эркиндик деген ураандын алдында, кыргыз элинин азаттыгы үчүн эл жексур бийликти жеңип чыкты. Курман болгон адамдардын ордунда ар бириңер болушуңар мүмкүн эле. Миңдеген адамдар өз көкүрөктөрүн окко тозуп чыгышты. Бул өзгөчө күн. Анткени, бул кыргыздардын жаңы мүнөзүн калыптандыра турган зор окуялардын бири. Ушундай тарыхый окуялардан биздин жаштарыбыз мындан ары үлгү алышып, ошол баатырларга окшоп, мекенчил болууга аракет кылышат. Бул кайгылуу окуяда, курман болгон элдик уулдарыбыз кыргыздын тарыхынын жаңы барагын ачышты. Курман болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтабыз. Биз курман болгондордун асыл максатын ишке ашыруу үчүн эл алдында ант беребиз. Алардын канын төккөндөрдү жазага тартабыз деп ушул жерден ант беришибиз зарыл. Бийлик эл үчүн иштейт деп ант беришибиз абзел. Эгер жаңы бийлик унутса, анда эр-азаматтардын арбагы урат. Тагдырыбыз Бакиевдин тагдырынан да жаман болот.” Өмүрбек Текебаев Ала-Тоо аянтында окко учуп шейит кеткен баатыр балдарыбызды бүгүн эстебейт. Эстегиси келбейт дагы… “Ата-Бейитте” жалындуу сөздөрдү айткан Текебаев бүгүн алар туурасында оозго алгылыктуу сөз да кыла элек. КТР аркылуу берилген анын байлыктарын көрүп отуруп, Өмүрбек мырза “Ата-Бейитте” сүйлөгөн сөзүн, арбактардын алдында ант берген күнүн унутуп, эртеси эле байлык топтоого шымалана киришкендей көрүнөт. Сөзүбүз калп болбосун, мына бул имарат 2010-жылы кыска убакытта салынып бүттү. Элдин башы кайгыдан көтөрүлө албай, жүрөгүндөгү жарааты айыга элек кезде Өмүрбек Текебаев “Супер инфо” турган имараттын жанына бир көз ирмем убакытта беш кабат имаратты бүтүрүп салды. Ошончолук эле байлыгын батыра албай жатса, “Ата-Бейитте” каза болгон баатырлардын жетим калган балдарына үй салып берсе, кадыры көтөрүлөт эле. Ал андайга барбайт!

Ө. Текебаев бүгүн “Ата-Мекен” партиясынын лидери, башкаруу каолициясынын мүчөсү, мындайча айткандай бийликтин адамы. Өмүрбек мырза “Ата-Бейитте” сүйлөгөн сөзүн унутуп “эл үчүн иштебей” өзүнүн үй-бүлөсүнүн жеке кызыкчылыгы, жыргап жашоосу үчүн байлык топтоп, “маңдай тер төгүп” иштеп жаткан учуру дегенге ынанып кетесиң. “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө. Текебаев “Бийлик эл үчүн иштейт деп ант беришибиз абзел. Эгер жаңы бийлик унутса, анда эр азаматтардын арбагы урат…”– деген жалындуу сөзүн бүгүн унутту. Анткени ал, бүгүн байлыктын кулу болуп, ал Ала-Тоо аянтында кырчындай өмүрүн кыйып шейит кеткендерден да, арбактардан да коркпой калган учуру. Ишенбесеңер, элибиздин эртеңки келечеги үчүн окко башын байлап, чыркырап кете берген баатыр жигиттерибиздин бейитине качан барып куран окуду экен, сурап көргүлө?

Арбактардын “эсебинен байыган” Текебаев

2010-жылы 7-апрелде каза болгондорду жерге берүү зыйнатында “Ата-Бейитке” эл батпай кеткен эле. Кыргыз эли ошол кайгылуу күнүн унуттубу? Жыл сайын, “Ата-Бейитте” апрель баатырларына багыштап, арбактардан коркуп куран окуган жалгыз Алмазбек Атамбаевдин гана караанын теледен көрөбүз. Өмүрбек мырза, бүгүнкү күндө арбактардан коркпогон, ал өзүн жердеги Кудайдай күткөн адамга айланган. Партиялаштарынан, кыргыз элинен жашырган байлыктарын “бизнес леди” аталган аялынын атына жазып каттаганы аман эле болсун. Өзүн таза адам катары көргөзөм дегени го. Ушунча арам байлыктын ээси болууга шарт түзүп берип, шейит кеткендердин бирөөсүнүн үй-бүлөсүнө жардам берди бекен? Эгер жардам берген болсо ырахмат, жардамын ыраа көрбөсө наалат айтабыз. Өмүрбек мырзага окшогондорду ээрчип, окко учкан ошол баатырлар, бирөөлөрдүн чырактай балдары, бирөөлөргө ата, жесир калган келиндердин үйүндө арка-бел болчу күйөөлөрү эле. 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтына келген жаштар Текебаев менен аялы байысын деп окко учушкан беле? Албетте жок! Алардын да колдорунда каражаттары болсо “Ата-Мекендин” партбосунун кызындай Кытайдан, баласындай АКШдан, балким башка чет өлкөлөрдөн окутушмак. Аянтта бир чоңдун баласы окко учканын көрдүңөрбү? Жок. Чоң кызматтагылардын балдарынан жалгыз А. Бекназаровдун баласы гана эл менен кошо жүрдү. Ө. Текебаев ушул кезге чейин жакындарынан ажырап, кан жутуп отурган каза болгондордун жакындарына, ал тургай аянтта окко учкан баатырлардын жетимчиликти башынан өткөрүп, ата мээримин көрбөгөн балдарынын маңдайынан сылап койгонго жарабаса керек. Текебаев ушунча байлыгы менен тынч жата бербей, президент болгусу келип Кант шаары аркылуу, Москвага ат тезегин кургатпай учуп-барып келип жүргөнүн угуп калабыз. Балким дагы бир кан төгүүнү көксөп, президент болгусу келип бийликти алмаштырууну ойлоп, элди дүрбөтүп аянтка алып чыккысы келип жаткандай көрүнөт. Өмүрбек мырза, кеч боло электе каразгөйлүктү токтот! Эки жолку төңкөрүштөгү кан төгүүлөр аздык кылып жатабы? Араңдан бутуна туруп келе жаткан, биз үчүн ыйык “Кыргызстан” деген ыйык кемени ары-бери чайпаба… Кеч боло электе токтон! Жетишет! Болбосо эл өзү сени токтотот…

Бизнес ЛЕДИ

Бумеранг деген болот. Кечээ эле ушул Текебаев тымызын артына туруп, ак үй менен биригип Жогорку Кеңештин муруңку төрагасы А. Келдибековго карасантайлык менен анын байлыктарын КТР аркылуу кайра-кайра бердиришкенде жыргап күлгөн болсо керек. Эми өзүнүн башына түшүп отурат. Саясаттагы бир көз ирмемдей болгон кыска убакытта, “Ата-Мекен” партиясынын “Крупскаясы”, Кыргызстандагы аялдардын арасындагы эң бай бизнес ледиге айланып отурганы ачык болду. Ылайым байысын, ага эч кимдин деле ичи тарыган жок. Эл оозундагы айтылган кептерге караганда бул үй-бүлөнүн байлыгы да, экс президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаеванын байлыгына жетейин деп калыптыр деген салыштыруулар көп айтылууда. Ушуларды карап туруп Үзөңгү-Кууштун Кытайга өткөн кези эске келет. Текебаев Үзөңгү-Куушка каршы добуш берип, жыйындар залына кайрадан кирип кворум түзүп бергенден соң ити чөп жеп, иши жүрүшө баштаган деген сөздөр да бекер жеринен айтылбаса керек. Ошондон кийин, Фрунзе-Исанов көчөлөрү кесилишкен жерде, азыркы күндө “Супер-инфо” гезити арендада отурган имаратты кура баштаган экен. Ал жер чынында сагызгандай сак Текебаевдин жубайы Айгүл айымга катталган. Эмесе ал кезде чиедей балдары менен үйдө отурган Айгүл айым андай имаратты кайдан салмак эле. Жер участогун эле 150 000, миң долларга жакын баада, кафе курганга сатып алган дешет. Ошол күндөн баштап кыргыз бизнесинде жаңы айымдын аты катталып иши алгалап жүрө баштады. Үзөңгү-Кууш темасы Текебаевдин жүрөгүн өйүткөн, өмүрүндөгү эң жаралуу жери.

Жыйындар залынан чыгып кеткен эл депутаттары “Өмүрбек залга кирбе, Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кетет!”-дегенин да укпай кирип кеткен экен. Белгилүү саясатчы, Азимбек Бекназаров: “Үзөңгү-Кууш маселеси каралып жатканда, Текебаев биз менен чогуу кворумду түзбөй чыгып кетип, кайра Боромбаева экөө кирип, кворумду түзүп берген. Чотонов бизде калган. Бул саясый оюн. Текебаев кворум түзүп бергенден кийин Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кеткен. Бул тарыхый факты.” (“Жаңы Ордо” № 12(436) 4-апрель 2014-жыл) Бул жерде Үзөңгү-Кууштун Кытай тарапка өтүп кетишине “каршы” добуш берүүдө Текебаев кворум түзүп берүү менен тарыхый шартты жаратып бергенинде болуп жатпайбы. Абсамат Масалиевдер менен он тогуз депутат менен кошо чыгып кетип, алардын ичинен жалгыз гана тажрыйбалуу, өтө куу саясатчы Текебаев парламенттин жыйындар залына кайрадан киргени эмнени каңкуулап турат. Ошондо Үзөңгү-Кууш маселеси Кытайга өтүп кетишине нааразылык көрсөтүшүп, депутаттар А. Абдымомунов. Б. Акунов, Б. Асанов, Н. Байло, Т. Бакир уулу, Б. Бекбоев, А . Бекназаров , Э . Булекбаев , О. Дүйшеев, И. Исаков, И. Кадырбеков, А. Мадумаров, А. Масалиев, А. Малиев, А. Проненко, Д. Садырбаев, Д. Чотоновдор парламенттин жыйындар залынан чыгып кетишкен эле.

Ал эми ошол кездеги депутаттар А. Масалиев менен Д. Садырбаев арабызда тирүү эмес. Ошол жыйындын башында депутат Өмүрбек Текебаев да тигилер менен жыйындар залынан чыгып кетишкен. Ошол күнү коюлган Үзөңгү-Кууш маселеси өтүп кетээрин беш колдой билип туруп, Ө. Текебаев эмне үчүн, кайсыл кызыкчылыкты көздөп жыйындар залына кайрылып добуш берүүгө кирген? Өзүнүн жыйындар залына кирүүсү менен Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кетээрин билип туруп ушундай кадамга барды. Эч нерсени билбеген мадыра баш депутат болсо да башка кеп болчу. Иттин өлүгү мына ушул жерде жатат. Парламенттин жыйындар залында кыргыз жери Кытай тарапка өтүп кете турган тарыхый күндө, Жогорку Кеңештин депуттары эки тарапка бөлүнүп, кыл чайнашып турган тарыхый учурда ал эл тарапта боло албады. Ал башка жолду тандап, Үзөңгү-Кууштун Кытай тарапка өтүп кетишине кворум жаратып, маселеге чекит койду. Текебаев мына ушул кадамы менен тарыхта калды. Бул темада эч кимди сүйлөткүсү келбей, дароо баса калат.

Өмүрбек мырзанын кворум түзүп берүүсү менен ата-бабаларыбыздын каны менен келген тарыхый жерибиз Кытай тарапка өтүп кетти. Баарына акылы жеткен Текебаев, билип туруп эмне үчүн ушул митайым кадамга барды экен? Биздин чыкыйыбыз жетпей турганы ушул болуп жатат. Балким, бир саясый кызыкчылыктан болгондур дегендер да бар. Каршы добуш берүү менен эл алдында эки жүздүү кадамга барганын айтып жүргөндөр да жок эмес. Өмүрбек мырзанын кайрадан залга кирип добуш берүүсү, бул чыккынчылыкка тете кадам болгон деп талаш-тартышты туудурган адамдар да кездешет. Кыргыз эли, ушул күнгө чейин Өмүрбек Текебаевдин бул табышмактуу кадамына жооп ала албай убара болуп келишет. Ал ошол кадамы менен казак туугандарга кырк байталга кеткен Чүйдүн жерин Жантай хан берип жиберген окуядай көрүнөт. Анда Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндүн Жантайы болуп калабы? Эмне үчүн ал ушундай кадамга барды? Кандай күч анын сезимин кайра ойготту экен… Текебаев бул маселе боюнча канчалык актанса да өзүнүн абийир сотунун алдында калп айта албаса керек. Албетте Кудайдан корксо…

Көкжал саясатчы Азимбек Бекназаров маегинде: “Эгерде (Ө. Текебаев ред.) соттон утуп алган болсо, бизди күбө катары чакырыш керек эле да. 19 депутат кворум түзбөй жүргөнбүз. Ошолордун ичинен экөөсү Абсамат Масалиев менен Дооронбек Садырбаев маркум болду. Калган он жетибиз тирүүбүз.” “Жаңы Ордо” № 16(440) 16-май 2014-жыл. Азимбек Бекназаровдун бул сөзү так болушу үчүн туңгуч президентибиз Аскар Акаевдин “Жаңы Ордо” гезитине (№ 17(480 15-май, 2015жыл) берген маеги эске келе түштү.

Суроо: ­‑ “Үзөңгү-Кууш маселеси парламентте карала турган учурда бир топ депутаттар нааразылык кылып жыйындар залынан чыгып кетишкен болчу. Алардын арасында Текебаев да бар. Ошондо сиз кадырыңыз өткөн бир топ депутаттардын арасында Текебаевди ж. б. чакырып “Үзөңгү-Куушту парламентте колдоп койсоңор?”деп суранганыңыз чын беле? Марат Султанов сиздин айтканыңызды колдобой койгондо ага таарынган экенсиз. Ал эми, Текебаев каршы добуш берем дегени чын беле?

Аскар Акаев: “Ооба. Парламентте пикир туудура турган депутаттардын көбүн чакырып, баарына айттым. Чыныгы абал кандай экенин аларга түшүндүрдүм. Көрүп турасыңар, ал жер-талаш жер деп айттым. Көбү ошол сөзүмөн туура түшүнүштү.

Мындан өткөн өжөр факт болобу? Текебаев сөзүнө туруп, каршы добуш берүү менен Үзөңгү-Кууштун Кытайга өтүп кетишин билип, акылы жетип, кворум түзүп бергени бул чындык болуп жатпайбы. Партиясынын аты “Ата-Мекен” болгону менен кыргыздын жерин кемитип, арам ойлуу кадамга барып, кворум түзүп бергени үчүн, кыргыз эли эч качан Өмүрбек Текебаевди кечирбейт… Бул маселе беш, он, жыйырма, отуз жылдан кийин деле козголо берет…

Дастан БЕЛЕКОВ, Бишкек шаары   

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: