Сепаратист Кадыржан Батыровдун качып кеткени боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин жүргүзүлө башташын айрымдар куугунтук катары баалай башташты. Маселен, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исмаил Исаков бул жагдайды саясий куугунтук деп баалады. Бул туурасында: “Бул атайын каралоо иштеринин башталганы баарыбызга эле белгилүү болуп калды. Эгер иш туура башталса, биринчи кезекте 2010-жылдагы окуяларды иликтеген парламенттик комиссиянын документтерин алып чыгуу керек болчу. Ал жерде Кадыржан Батыров эле эмес, ошол окуяга тиешеси бар адамдардын баары ар тараптан иликтенген. Ошол учурда оппозиция абдан күчтүү болуп турган. Алардын сөзү да басымдуу болгон, чындыкты бурмалоого аракеттер да болгон. Ошонун негизинде адилеттүүлүккө жакын материалдар топтолгон болчу», – деген пикирин билдирип, негедир бул иштен кулагы чыкчудай чочулаптыр. Сыягы саясий куугунтук оозанып чочулап жатканына карганда илинчеги бардай туюлат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ