Menu

Жогорку сотто сотторду башкаруу маселелери боюнча тегерек үстөл өтүүдө

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2017-жылдын 14-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда сотту башкаруу маселелери, Кыргыз Республикасынын жана Германиянын судьялары ортосунда тажрыйба алмашуу боюнча тегерек үстөл өтүүдө. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Тегерек үстөлдүн ишине КР Жогорку сотунун судьялары, Европа Биримдигинин долбоорунун өкүлдөрү, Германиядан келген Европа Биримдигинин долбоорунун эл аралык эксперттери, отставкадагы судьялар Манфред Верт жана Хельмут Палдэ катышууда.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева, Европа Биримдигинин долбоорлорунун менеждери Никола Скарамуццо, “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас, Европа Биримдигинин долбоорунун электрондук сот адилеттиги жана сотторду башкаруу боюнча негизги эксперти Кристоф Копецки, КР Жогорку сотунун судьясы Камиль Осмоналиев сөз сүйлөштү.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучуларга I инстанциядагы жергиликтүү соттор үчүн пилоттук тренигдин жыйынтыктарынын обзору тартууланып, сотторду башкаруу жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууда Жогорку соттун ролу каралды. Мындан тышкары, соттогу коммуникация маселелери, ЖМКлар менен коммуникация, конфликттердин негизи жана маселелери, сотторду заманбап башкаруу үчүн маалыматтык технологияларды пайдалануу – соттун автоматташтырылган маалыматтык тутумунун бетачары, статистикалык отчёттуулук ж.б. маселелер каралып, талкууланмакчы.

Бул иш чара КР Жогорку сотунун демилгеси жана Европа Биримдиги каржылаган “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун колдоосунда ишке ашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: