Menu

Салыбек Чөлүев, Тянь-Шань мамлекеттик асыл-тукум мал заводунун директору: “2010-жылы апрелде Нарында атамекенчилер мамлекеттик чарбанын 6527 баш коюн талап-тоноп кетишкен”

Бөлүшүү:

“Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрү дайыма биздин Тянь-Шань мамлекеттик асыл тукум заводунун малына көз артып, талайбыз-тонойбуз дешкенинен биз тыйып турчубуз. Анан  2010-жылдын 7-апрель революциясынан кийин, андай аракеттер күчөдү. 10-апрелде “Ата-Мекен” партиясынын Нарын облусу боюнча координатору Адыл Эсенбековду Бекназаров келип Нарынга губернатор кылып дайындап кетти. Анан ал губернатор болгондон кийин эл ого бетер кайра күчөй баштады. Адыл Эсенбеков болсо телефондон команда бере баштады кадимкидей.

Мына азыр сөз жүрүп жатат го, бирдеме болсо эле шоопур деп Илмияновго асылып жатып калышат. Атамбаев шоопурун мамлекеттик кызматтарга көтөрүп жатат деп.  Бирок, биринчи жолу шоопурду мамлекеттик кызматка, губернаторлукка көтөргөн Текебаев менен Бекназаров болгон. Адыл Эсенбеков Нарында жөнөкөй эле шоопур болчу. Билими, тажрыйбасы жок, эч нерсеси жок адамды губернатор коюп коюшуп ал болсо телефондон команда бергенди гана билчү.

Мен чарбаны талатпай койсом мени кетирүү үчүн Бишкекке, биз баш ийген Мал чарба жана жайыт институтуна чалышып, мени иштен кетирүүнү талап кылып жатышты. Бирок инститтун жетекчилиги Дүйшеев баш болуп мени кетирбөөгө аракет кылышты. Ал эми губернатор Адыл Эсенбеков кетиресиңер деп көгөрдү. Акыры 19-майда мени жумуштан бошотушту. Ошол замат 23-майда мамлекеттик чарбанын малын талап кетишти. Баш аягы 6527 кой таланды. Жылкы менен топозду ызы-чуу чыгып талай албай калышты. Анан мен  мыйзамсыз кызматтан бошотушкандыгы үчүн сотко берип утуп алдым, 6 жолу кайра кызматка орношуп, 7 жолу кетиришти.

Кубатбек Байболов генпрокурор болуп турганда Нарындын прокурорлоруна айтып коюптур “ал мамлекеттик чарба, жетекчилерине тийбегиле” деп, прокурорлор тийише албады. Байболов кетери менен атамекенчи Аида Салянова генпрокурор болду да бизди куугунтуктоо башталды. Мени камап да салышты. Жогорку сотко чейин соттошуп мен акталып чыктым.  2010-жылы 6527 кой таланып кеткенден кийин 3,5 миң кой калган. Ошол жылы козулары менен 10 миңден ашмак. Ошол жеп алышкан койлорунун артын жабыш үчүн мени кайра-кайра жумуштан бошотушуп, камакка ала беришти.

Баардык эле жерди карасаң талап-тоноого “Ата-Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн тийиштиги бар. Мамлекеттик чарбанын малында булардын эч акысы жок эле да. Ага карабай мал 2010-жылы тонолуп кетти. Азыр эч ким кайрып бергиси келбейт, эч ким эч нерсени мойнуна албайт. Үмүтүбүз үзүлө баштаган эле. Анан 31-август күнү Алмаз Атамбаев 2010-жылы болгон мародерлук окуялары боюнча да Убактылуу өкмөт мүчөлөрү мыйзам алдында жооп беришет деп билдиргенинен кайра жандандык. Антпесе кантип эле банк ячейкаларынан тонолгон акчалар, Бакиевдин мүлктөрү, мамлекеттик чарбадан таланган малдар ачыкталбай калып кетет деп жүрчүбүз. Алмаз Атамбаев 31-август күнү агынан жарылып берди. Бул туура кадам. Эгер Атамбаев ошол кылмыштарды президенттик кызматтан кете электе  ачып берип кетпесе кийин анын артынан өзү кошулуп жеген деген сөз калып калмак.

Азыр эми биздин чарбада калган 4000 койду, 107 топозду сактап калышыбыз керек. Эгерде Аида Салянова чыныгы патриот, чыныгы прокурор болгондо 2010-жылы апрелде таланып кеткен мамлекеттик малды кайра калыбына келтиртип коймок. Текебаев болсо тескерисинче бул кылмышты жаап-жашырууга аракет кылып келе жатат. Атамекенчи губернатор Адылбек Эсенбековдон кийин Нарынга атамекенчи Турдубай Мамбетов губернатор болуп келип бизди куугунтуктады. Жогорку Кеңештин айыл чарба комитетине арыздансак анын төрагасы атамекенчи Сайдулла Нышанов экен, ал кайра бизге прокурорлорду тукурду. Ошентип мародерлук менен таланган малды кайра кантип жыйнап алабыз деп жүрсөк минтип 31-августта Атамбаев кайра үмүтүбүздү жандандырып койду. Эгерде Атамбаев 2010-жылы апрелде мамлекеттик чарбанын 6,5 миңден ашык коюн талап кетишкен мародерлорду таптырып жазалатып, койлорду ордуна койдуруп берсе кыргыздын мамлекетчил президенти болот эле.

Салыбек Чөлүев,  Тянь-Шань мамлекеттик асыл-тукум мал заводунун директору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: