Menu

Рыскүл Бабаева, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары: “Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз”

Бөлүшүү:

Кыргызстан профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан элибиздин социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп келүүдө. Алар КР “Профсоюздар жөнүндө”, “Кесиптик союздар жөнүндө”, “Эмгек мамилелери жагынан социалдык өнөктөштүк жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алышып, экономикалык-эмгектик мамилелердин чыңдалышына, социалдык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого олуттуу салым кошуп келатышат.

16-октябрь, 2015-жылы КПФ ХХIII кезектеги  өткөн сьездинде мурдагы КПФ ишмердүүлүгүнө катуу сын көз караштар айтылып,  жаңы жетекчилик шайланган. Сьезддин делегаттары “КПФ 2015-2020-жылдарга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары”, “КПФ ХХIII сьезддин делегаттарынын Жогорку Кеңешке жана КР Өкмөтүнө кайрылуусун” кабыл алышкан.

Профсоюз тармагында көп жылдар бою иштеп, бай тажрыйба топтогон Жанадил Абдрахманов анын орун басарлыгына профсоюздун бардык тармагында талбай эмгектенип келаткан Рыскүл Бабаева бир добуштан шайланган. Жетекчилик иш ыргагын жаңыча баштап, биринчи кезекте карапайым калкыбыздан тарта, жумушчу-кызматкерлердин эмгегин ар тараптан коргоого, эс алууга, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга, окуучулардын жана окумуштуулардын кадыр-баркын көтөрүүгө, эмгек шарттарын  жакшыртууга байланышкан иш-чараларды алдыга койгон.

 Жакында Рыскүл Бабаеванын төрагалыгынын алдында “Бүткүл дүйнөлүк кайратман – эмгек күнү” белгиленип,  “Профсоюздар жөнүндө” мыйзамга ылайык алдыга иштиктүү милдеттерди коюу аларды иш жүзүнө ашыруу, акыйкатуу чечимдерди кабыл алуу, уюштуруу иштерин так, таасын жүргүзүү, тармактык профсоюз уюмдарына адилеттүү башкаруу сыяктуу маселелер үстүндө  журналисттер менен  талкууларды уюштуруп,  КПФнын алдыдагы милдеттери, аткаруучу иш-чаралары жөнүндө  түшүндүрүү иштерин кеңири баяндап берди.

  • Биздин демилге менен эмгек министрлиги, КР иш берүүчүлөр ассоциациясы жана Эл аралык эмгек уюмунун өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жолугушууну уюштуруп, 2017-2019-жылга үч тараптуу социалдык өнөктөштүктүн максатын жана алдыдагы аткаруучу иштерди каарман эмгек боюнча чоң программаны талкуулаганбыз. Биздин өлкөдө минималдык төлөм акысы 960 сом болчу, азыр араң 1060 сомго жетти. Бул көрсөткүч Тажикстанда 5-6 эсе жогору.  Минималдык төлөмдү жыл сайын көтөрүп туруш керек эле, экономикалык абалыбызды түшүнүп көтөрбөй келүүдөбүз. Үч тараптуу генералдык келишимде социалдык абал боюнча атайын бөлүмдөр бар. Ага өкмөт, иш берүүчүлөрдүн эки ассоциациясы жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кол коет. Ал келишимде минималдык төлөм, эмгекти коргоо, эне менен баланы коргоо, аялдардын төрөт убагында декретный отпуска алып, кошумча пособия албай калгандыгы, өспүрүмдөрдү коргоо, пенсия системасы, көмүскө иштегендер боюнча көйгөйлүү маселелерди киргизгенбиз.
  • КПФнын реформалоодо алдыга кайсы максаттарды койду деген суроону узаттык.
  • КПФнын жетекчилигине шайланганыбызга октябрь айынын 16сында бир жыл болот. Биз алгач ишти баштаганыбызда тармактык профсоюздардын төрагалары, облустук профсоюздун жетекчилери, аппарат кызматкерлери менен ачык-айкын талкуу жүргүзүп, буга чейин орун алган кемчиликтерди жоюу, алдыдагы албан иштерди аткаруудагы максаттарыбызды терең талдап, анын негизинде план түзүп чыктык. Ал планда бир жылда жана эки жылда аткаруучу иштерди так көрсөттүк. КПФнын уставына ылайык профсоюздар тарабынан берилген төлөмдөр боюнча жана КПФга караштуу  кыймысыз мүлк боюнча атайын комиссия түзүлүп, федерацияга тиешелүү кыймылсыз мүлктү толугу менен жыл аягына чейин рыноктук баа менен комиссия инвентаризациялоо иштерин жүргүзөт. Жыйынтыгы жыл аягында өтүүчү сьездде талкууланат. КПФга тиешелүү санаторий, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды, туристтик базаларды сактап, оңдоо иштерин жүргүзүп, карапайым калк үчүн кызмат кыла тургандай  аракетин көрүп жатабыз. 2015-жылы жана быйылкы жылдын жарым жылдыгында 1309 негизсиз иштен которуу, мыйзамсыз жумуштан бошотуу, өз убагында айлык акынын берилбей калганы, эмгек китепчесин кармоо, иште коопсуздук жагдайлардын түзүлбөгөндүгү жана башка эмгек мыйзамын бузган фактыларды айкындадык. 96 жолу сотко катышып, 8618 оозеки жана жазуу түрүндө консультация, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз.
  • Эл аралык эмгек уюму менен байланыш кандай болууда?
  • Эл аралык эмгек уюму БУУнун агентствосу болот. Көп өлкөлөр анын ичинен биздин мамлекет да ага мүчө болуп эсептелет. Негизги офиси Женевада, бул жерде да өкүлчүлүгү бар. Аларга төлөнүүчү төлөмдөр көп жылдан бери төлөнбөй жатканына карабастан, профсоюзга бардык тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип турушат. Көмүскөдө иштегендер боюнча семинарларды өткөрүп беришти. Ал боюнча видео ролик чыгардык.   Видео ролик телевидение аркылуу байма-бай берилип турса элибизге көп пайда алып келмек, тилекке каршы бир-эки жолу көрсөтүлүп, ошол боюнча берилген жок. 2008-жылдан бери кабыл алынган Конвенциянын бири да ратификациялана элек. Төлөмдөрдү жыл сайын пайыз менен төлөп туралы деген чечимге келүүдөбүз.
  • Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте курулушта, өндүрүштө жана башка тармакта иштеген адамдардын бөөдө кырсыктан алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
  • 2014-жылдын 28-апрелинде КПФ менен Мамлекеттик экотехинспекциясы менен эмгекчилердин укугун жана эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузууларды таап, аны калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюлган. Профсоюздун техникалык эмгек инспекциясында иштеген 26 адамдан турган  кызматкерлердин тынымсыз иштеринин натыйжасында  өткөн жылы эмгекти коргоо боюнча 300 ар тармактагы мекеме-ишкана текшерүүгө алынып, 2000 талап бузулганы аныкталган. Текшерүү ишмердүүлүктүн натыйжасында иш берүүчүлөргө 271 эскертүү берилген. Жылына 500 жакын адам өндүрүштө бөөдө кырсыктан жабыр тартышат. 100гө жакын адам майып болуп калышууда. Эмгекти коргоо жаатында  адамдардын укугу бузулуп жаткандыгы боюнча 1000ден ашык арыз, даттануулар түшүп, ал боюнча тийиштүү чараларды көрүп турабыз.

Көптөгөн сыйлыктын-сыймыктын ээси болуп келаткан Рыскүл Бабаеваны, анын жалпы жамаатын алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эл үчүн эмгек өтөп келаткан иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз.

Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула     

 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: