Menu

Фото – Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында маданият үйү менен бала бакча жок

Бөлүшүү:

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында ушул кезге чейин маданият үйү менен балдар бакчасы жок. Кече, 18-январда өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Эмилбек уулу Талантбек, областтык тармактардын бир катар жетекчилери менен биргеликте Аксы районуна болгон расмий иш сапарындагы кыдыруусунда Жаңы-Жол айыл аймагынын жашоочулары бир катар көйгөйлүү маселелерди ортого салышты. Жаңы-Жол айылы 1943-1950- жылдары Аксы районунун борбору болуп турган. Ал эми 2010-жылы айылдагы 300 орундуу маданият үйүнүн арткы дубалы кыйрап калгандыктан имарат толугу менен бузулган. Азыр ал жерде пролетариаттын улуу жол бащчысы В. И. Лениндин гана эстелиги турат. Азыркы учурда 400 орундуу 36 млн. сомдук жаңы маданият үйүнүн долбоору иштелип чыгып, акча каражатынын жоктугунан анын курулушу эки жылдан бери башталбай келет.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев областтык жана райондук жетекчилер менен бирге маданият үйү курулуучу жайды жана балдар бакчасына берилүүчү оорукананын эсебинде турган имаратты бир сыйра көздөн кечирип чыгышты. Учурда Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында 1463 кожолук эл, же 7365 калк жашайт. Айыл аймагында 3 орто мектеп, бир негизги мектеп, 3 ФАП жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеп жатат.

Жаңы-Жол айыл аймагынын жашоочуларынын областтык жана райондук жетекчилер менен болгон жыйынында жергиликтүү тургундар  маданият үйүнүн курулуш баштоо, 1 балдар бакчасын ачуу, электр зымдары тартылган чириген мамыларды алмаштыруу жана балдарга берилүүчү пособиелерди чыгарып аныктоодогу бир катар көйгөйлөрүн ортого салышты.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин областтагы өкүлү, КРнын Эл акыны Рхматулла Козукеев Жаңы-Жол айылындагы маданият үйүнүн курулушун баштоо быйылкы жылдын курулуштарынын тизмесине киргендигин билдирди. Ал эми бала бакчасынын маселеси боюнча айылдык оорукананын эсебиндеги пайдаланыбай турган имаратты капиталдык ремонтоодон чыгарып, ишке киргизүү маселеси колго алынмай болду. Бул максатта 3 млн. сом каражат талап кылынат.

Ак-Жол айыл аймагынын башчысы Бердалы Мурзакулов айыл аймагындагы 2830 электр линиясы тартылган мамылардын 450сү чириген абалда кулап калуу коркунучунда тургандыгын тынчсыздануу менен белгилеп, бул маселеде “Жалал-Абадэлектро” ААКсынан кандай жардам болоорун сурады.

-Бул маселе областын бардык аймагында оор көйгөй болуп жатат. 2016-жылы областтын район-шаарларында пландык иш чаранын негизинде 40 км. эскирген жыгач мамыларды алмаштырып чыктык. Быйылкы жылы дагы 40 км. аралыктагы эскирген мамыларды алмаштыруу максатын мерчемдеп жатабыз. Бул маселеде айыл аймактары менен тыгыз байланышта кызматташтыкта иш алып барууга биз ар дайым даярбыз,- деди “Жалал-Абадэлектро” ААКнын техникалык директору Сардарбек Мамашов.

-Бүгүн атайын Сиздер менен жеринде жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди жеринде угуу максатында келдик. Маданият үйүн куруу областта курулуучу курулуштардын быйылкы жылдагы титулдук тизмесине кирген. Бул маселе областтык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. Ал эми балдар бакчасы боюнча оорукананын эсебинде турган имаратты айыл аймагынын эсебине алып, сапаттуу капиталдык ремонтоодон чыгарып ишке киргизүүнү Аксы райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким жана айыл аймагынын жетекчилиги колго алышып, түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүүнү болжоп жатышат. Жогору жакка сунушталган социалдык багыттагы долбоорлорду кынтыксыз сапаттуу иштеп чыгуубуз керек. Жергебизде тынчтык менен бейпилдик болсо, элибизде биримдик менен ынтымакчылык болсо, өлкөбүздө саясий туруктуулук болсо алдыбызга койгон бардык асыл ой-максаттарыбыз ишке ашат,- деди өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: