Menu

Бабырбек Жээнбеков, “Алиби” гезитинин башкы редактору: “Бул бийлик мөөнөтүнөн мурун кетсе, элдин сообуна калат эле”

Бөлүшүү:

“Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков “Марал” радиосунун “Консенсус” программасынын коногу  болду.  Ал жакта Бабырбек Субанович менен эки жылдык эс алуудан кийин кайрадан чыгып баштаган “Алиби” гезитинин алкагында жана мамлекетибиздеги саясый кырдаал боюнча баарлашуу жүрүп, кызыккан суроолорго жооп алынды.

-Бабырбек Субанович, Бакиевдин режимин кулатууга салым кошкон  “Алиби” гезитинин узак убакыттагы тыныгуусунан кийин кайрадан жарыкка чыгышына эмне себеп болду? Өлкөдөгү оппозициялык күчтөр биригүү учуру келдиби же “Алибинин” айта турган сөзү алдыдабы? Же “Алибиде” жазылгандай бүгүн бүтүндөй кыргыз коомчулугу бийликтен тажадыбы?

-Эгерде гезит чыгарууга аргасыз кылган кырдаал жаралбаса, гезитти чыгарбайт элек. Бүгүн чын эле ушундай кыйын кырдаал түзүлүп отурат. Айтайын дегеним, кыргыз коомчулугу кыргыз эли көп нерседен тажады. Бийликтин акыркы мезгилдеги жасап жаткан иштери элдин үмүтүн өчүрүп салды. Ушундай мезгилде ар бир адам өзүнүн атуулдук позициясын айтышы керек деп ойлойм. Мына ошол чындыкты элге жеткирели, мамлекетибизде калыстык менен адилеттик орношуна аз болсо да салым кошолу деген таризде “Алиби” гезитин чыгарып баштадык. Анткени,  “Алиби” гезити  2008-2009-2010-жылы “Алиби” гезити Бакиевдин  авторитардык режимине каршы күрөшкөн бирден-бир гезит болчу. Ошол кезде “Алибиден” башка колго кармаар гезит жок эле. Себеби, Жаныш Бакиевдин уулуна байланыштуу макаланы “Алиби” менен “Де факто” гезити катары менен басып чыккан.

Ошол макаланын айынан Биринчи май райондук соту аталган эки гезитке айып пул салып жаап салган. “Де -Фактонун” жетекчилери куугунтукка чыдабай чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болду. Биз болсо, көшөрүп, бийликтин тоскоолдугуна, кысымына карабай  гезит чыгардык. Башкача айтканда, “Алибини” сот аркылуу жаап койгонуна бир жума болгондо кайра “Ачык саясат” деген гезит чыгардык. Мен Текебаев менен Ташболот Балтабаевге ырахмат айткым келет. Гезит жабылар замат мени чакырып,  Юстиция министрлигине катталганына төрт жыл болсо да,  бир да жолу чыкпаган чаң басып, папкада жаткан “Ачык саясат” деген гезитти “чыгара  бер” деп беришти. “Ачык саясат” бактыга жараша “Алибиден” да күчтүү чыга баштады. Анткени, биздин журналисттер бийликтин карсанатайлыгына жооп кылып, башкача күч менен курч макалаларды  жаза башташты. “Ачык саясаттын” нускасы кыска мөөнөттө эле 15 миңге жетти. Бүгүн “Ачык саясаттай” болуп бир да гезит чыккан жок.  2010-жылы бир эле мезгилде үч гезит чыгара баштадык. Бирок, 2010-жылдын 17-мартында Бакиевдер тууралуу Равшан Америкадан берип жиберген  материалды бир эмес эки гезитке басып жибергенибиз үчүн президенттин аброюна, ар-намысына шек келтирдиңер деген айып менен эки гезитти жаап салышты. Барынан кызыгы, гезит базарга саат 7де түшсө,  эртең мененки тогузда Баш прокурор  Нурлан Турсункулов чакыртып, “эки гезитти тең жабабыз”-деди.

-Бабырбек Субанович, “Алиби” гезитин барактап отуруп, “айланайын Алмаз, алды-артыңды карап койчу” деген макала көзүмө чалдыкты. Бакиевдердин авторитардык режимине каршы күрөштө Атамбаев менен чогуу болуп, бирок ошол кездеги үзөңгүлөшүңүзгө мындай макаланы жазганга эмне түрткү болду?

-Айланайын Алмаз, алды-артыңды карап койчу дегеним,  башыбыздан кандай оор сыноолор, оор күндөр өттү эле. Ошондой оор мезгилде элге ушунчалык жакшы убадаларды берип, кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоого жетебиз дечү элек. Электр энергиясынын кымбатташына  каршы чыкчу элек. Бирок, бийлик алмашканы менен электр энергиясынын баасы  Бакиевдин доорунан да кымбаттап кетти го. Өздүк наркы 85 тыйын болгон электр энергиясын карапайым калк 700 килловатка чейин 70 тыйындан  андан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйындан төлөп жатат.  Эгерде биздин электр энергияны аз өндүрүп,  кубаттуулук жетишпей жатса, кымбаттатпаса болбойт. Бийлик бул кадамга аргасыз барып жатат деп түшүнөт элем. Акыркы эки жылда Токтогул суу сактагычында суу жетишерлик  топтолду. Электр кубаттуулугу деле жетишерлик  өндүрүлүп жатат.  Өзүбүздү электр энергиясы менен камсыздай ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болдук. Анан элдин жонунан кайыш тилип, неге кымбаттатып жатышканын түшүнө албай турам.

-Бирок, электр энергиясын кымбаттатуу аркылуу техника алыш керек деген маселени айтып жатышпайбы?

-Туура техника алышыбыз керек. Бирок, мынчалык кымбаттатпай деле маселени чечсек болот.  Электр энергиясы товар. Товар катары бааланып, сатылат. Бирок, коммерциялык жаан мамлекеттик уюмдарга сатылган баасын алганда өздүк баасы 85 тыйындык электр энергиясы жалпысынан 2 сом 20 тыйынга айланып жатат. Эгерде биз чарбачыл саясат жүргүзгөнүбүздө бул тармактагы чийеленишкен маселелерди чечип коймокпуз.

-Бабырбек Субанович, кандай гана өзгөрүштөр болбосун ал журналисттердин көрсөтүүсүнө жана калемине көз каранды болот. Бирок, Бакиевдин мезгилиндей эле бийликти сындап жазган журналисттер  куугунтуктала башталган. Журналисттер да жоопкерчиликти моюнга алышы керекпи?

-Журналисттер да жоопкерчиликти моюнга алышы керек. Бирок, мен бүгүнкү күндөгү кырдаалды Бакиевдин учурундагы мезгилге салыштыргым келип жатат. Бакиевдин мезгилиндей эле  сын айткан ММКлар, журналисттер кысымга алынып, куугунтукталып жатат.  Бирок, Бакиев президент башы менен ММКларды каралап, элге жамандаган эмес Башкача айтканда, Атамбаев ачыктан ачык шыбап, сот укук коргоо органдарына түздөн түз көрсөтмө берип, бул бузуку, бул ушакчы деп жатат.

-Анткени, Акаевде дагы, Бакиевде дагы ошол тармакты тейлеген мыкты кадрлар бар эле. Алмаз Шаршенович ошондой иш билги кадрлардан аксап жатса керек?

-Атамбаевдин тегерегинде иштеп жаткан адамдарды биз эмес,  өзү алып келди. Ошон үчүн бардык жоопкерчилик президентке жүктөлөт.

-Журналист Адил Турдугулов “Жаңы Ордо” гезитине маек берип,” Атамбаев оппозицияда жүргөндө Бакиевдин бийлигине каршы акырына чейин күрөшөрүн айткан. Айтканына турганы менен, бирок, Президент катары бул кишинин жоопкерчилиги жокко тете болуп калды” дептир…

-Атамбаев  Текебаевге же Исмаил Исаковго окшоп Бакиевдин  бийлиги менен башынан аягына чейин күрөшкөн эмес. Атамбаев премьер-министр  болуп  жатты. Чечимдерди кабыл алды. Кыскасы, Атамбаев  кырдаалга, шартка жараша иш кылган. Ошон үчүн 2008-жылы Орус драм театрындагы курултайда эл кабыл албай койгон. Атамбаевдин дарегине катуу сындар айтылган. Бирок, оппозиция каражат жана башка маселелерде  Атамбаевге аргасыз  байландык.

-Президенттик шайлоо жакындаган сайын жеке мен 2017-жылы тарыхты бузбай татыктуу президентти алып келсек деген ниеттемин. Бирок, акыркы мезгилдеги бийликтин катаал саясаты, өз билемдиги Садыр Жапаровдун абалы кыжаалат кылды. Айрымдар кырдаал күндөн күнгө курчуп, үчүнчү революциянын жел аргысы сого баштаганын айтышат. Биздин өлкө үчүнчү революцияга даярбы?

-Үчүнчү революцияга биздин өлкө даяр эмес. Азыр Кыргызстан революцияны көтөрө албайт. Мен үчүнчү революция кылабыз дегендерге караганда Бекназаровдун “ар бирибиз  жан дүйнөбүзгө революция кылалы” деп айтканына кошулат элем. Себеби, эл арасында кандай жол менен бийлик алмашса дагы бийликке акчалуу адамдар келет экен деген пикир калыптанып, элдин жаңы бийлик келсе турмушубуз оңолот деген үмүтү өчүп калды. Башкача айтканда, бийликке келген адамдардын эле жашоосу оңолбосо, карапайым калктын жашоосу мурункудай эле болоруна көздөрү жетип калды.  Баары жакшы деп жашырсак да, революцияга каршыбыз десек да азыр Атамбаевге каршы элдер толкуп, нааразычылыктар күндөн-күнгө күч алып, президентти катуу сөздөр менен каргагандар көбөйдү. Кудай сактасын. Кокус бирөө баштап кетсе, эл аны ээрчип кетпейт деген кепилдик жок да.

-Канчалык революцияны биз кылдык дегенибиз менен  7-апрелде лидерлер эмес, Бакиевдин системасына макул болбогон жаштар жаштыгы, эрки, оттон да тайманбаган курчтугу менен жеңишти алып келди. Азыр кырдаал оорлогону менен  ортодогу акыл-эстүү адамдар эмне кылаарын, кайсыл тарапка кошулаарын билбей калышты. Алар революция да кылгысы келбейт. Ошол эле учурда жөн да отуруп калгысы келбейт. Алар ойлорун ачык айтышы керекпи?

-7-жыл демимди ичиме катып келдим. Мүмкүн башкалар да мендей болуп отурушкандыр.. Мен демимди ичиме катканымдын да себеби бар. Айтайын дегеним, менин балам Равшан бүгүнкү бийликтин саясатына каршы чыгып, өзүнүн альтернативдүү пикирлерин айтып жүрөт. Ага мен да кошулуп алсам, атасы менен баласы каршы чыгып жатат деген сөз болбосун деп унчукпай жүрдүм. Чынында  позицияң, элге айта турган сөзүң болсо, тартынбай эле ачык айтып чыгышың керек экен. Мен жарым жылдан бери Атамбаевге кайрылып, жазып, айтып да жатам. Бирок, жыйынтык жок. Керек болсо, жооп да жок. Фарид Ниязовго  кирип, элдин милдетин алгандан кийин жоокерчилик, уят деген да болуш керек деп катуу тийдим.  Менимче булар турмуштун чындыгын уккулары келбей жатат. Эл каргыш, жаман сөздөрүн айтып тура бербейт. Атамбаев айткандай 98-пайыз эл  шайласа, эмнеге элге кулак салып  койбойт.  Эгерде Атамбаев баштаган бийликтин акылы болсо, толкуй баштаган элдин толкунун  токтотушу керек. Болбосо бийликтин бүгүнкү иши өз баштарына союл болуп тийет.

-“Алиби” гезитине ИИМДин орун басары тууралуу жазып, 2010-жылы элге каршы иштегендер азыр укук коргоо тармагында жооптуу кызматта иштеп жатканы тууралуу жазыпсыз…

-Президент ар бир эки сөзүндө Акаевчилер, Бакиевчилер  иштешибизге  мүмкүнчүлүк бербей жатат деп айтып жатат. Мен “Алиби” гезитинде сөз кылган жигит 2010-жылы 6-апрелде бийлик элге каршы чыкканда  Талас облустук милициясынын башчысынын орун басары болуп иштеп жүргөн. Башкача айтканда, элге каршы чыккандардын арасында болгон. Азыр ошол жигитти ИИМге орун басар кылып алыптыр. Эмне үчүн Бакиевдин кадры болсо, аны орун басар кылып алды.

-Гезитте мындан ары укуктук маселелерге көбүрөөк орун берилерин жазыпсыз.  Гезитти жаап салат деп коркпойсузбу?

-Чындыкты айтам, калыстыкты элге жеткирем деген  ММК  “24 кж”, “Заноза”, “Азаттыкка” кандай мамиле болсо, алар да ошондой мамилеге туш болушат. Ошон үчүн бийликтин соккусу  “Алибиге” тийбейт  деген куру кыял. Бирок биз бийликтин укуругунан коркпой кандай болгон күндө да чындыкты колдон келишинче элге жеткиребиз. Бийликтин чара көрөбүз дегени  ишке ашпайт. Бийликтин акылы болсо, колунан  келишинче, оппозициялык гезиттерге кам кордук көрүшү керек.  Себеби, бийликтин сөзүн сүйлөгөн гезиттер эч качан  чындыкты айтпайт. Чындыкты айтса, жеп жаткан нанына айрылып калат. Ошон үчүн  мамлекет каржылаган  гезиттерде иштеген журналисттердин жан дүйнөсү башкача болуп, мактап жазганга көнүп калышат.  Мен ар бир журналистиме кандай маселе болсо да, колуңарда далилдей турган факты, документ  болсун. Фактыга гана таянгыла деп жатам.

Гезиттин басымдуу бөлүгүн укуктук темага  арнайлы деп  жатабыз. Элдин укугу бузулуп жатканын парламент трибунасынан “Ата Мекен” партиясынын депутаты Наталья Никитенко да баса белгилеп, парламентке келген каттардын  60-70 пайызы сот, прокуратура, укук коргоо органдарына  нааразы болгон адамдардын келээрин айтты. Укук коргоо, сот, прокуратура органдары теңирден тескери иштерди жасап жатканы үчүн укуктук маселелерге токтолуп жатабыз.  Ошондой эле ыраматылык  Мелис Эшимкановдун “ардак такта”, “дардак такта” дегенин уланталы. Мыйзамды тебелеген сот, прокурорлордун атын ачык айтып гезиттин “ардак такта”, “дардак такта” деген рубрикасына жазалы деп жатабыз.

Себеби, сот реформасы, сотторду тандоо кеңеши, соттордун съезди, соттордун кеңеши дегенибиз менен сот реформасы деле болгон жок. Жыйынтыгында, соттор бир да ишке жоопкер эмес. Башкача айтканда, соттор бири-бирине шылтап, жоопкерчиликти алгысы келбейт. Ошондой эле сотторду көзөмөлдөгөн органдардын бири да сотторду жоопко тарткысы келбейт. Мыйзам боюнча  граждандык иштер эки айда каралып бүтүш керек болсо, ар кайсы шылтоонун башын айтып, 1 жылда да чечим чыгарышпаган соттор бар.  Мен мына ошондой граждандык иштин 5-6оосуна  катышып жатам. Бирок, бирөөсүнө  да чечим кабыл алына элек. Силер бүгүнкүгө келип алыпсыңар. Мен силерди башка күнгө чакыргам деп болбогон шылтоолорду айтышат.

– Жеке мен олигархтардын, айрыкча Өмүрбек Бабановдун президент болушуна каршымын. Бирок, эл бу сапар Кыргызстандыктар акчага  алданбай, бийликтин рычагдарынан коркпой татыктуу адамды президент шайлап   алууга даярбызбы?

-Негизи мен да бизнесмендердин, олигархтардын бийликке аралашышына каршымын. Бирок, президент болом деген дымагы бар  Өмүрбек Бабановдун, Төрөбаевдин ички чөнтөктөрү толтура акча. Алар элди оңой эле сатып алышат. Карапайым адамдар алардын акчасына алданышат. Макул миң эмес, киши башына 5 миң сомдон берген күндө да ал 5 миң сом канча күндүк азык болуп берет. Алардын арзыбаган акчасына добушубузду сатканча, акчасы жок бирок, эл үчүн иштей турган азаматтарды колдосо, эл үчүн да, мамлекет үчүн да пайдалуу болмок. Ошондой эле ММКлардын баары шайлоого жакын калганда  талапкерди акчасына эмес, акылына карап шайла деп тынбай жазып, элдин калың катмарына сиңдиришибиз керек.

-Кыргызда “атасы үчүн баласы жооп бербейт” деген сөз бар. Сиздин уулуңуз парламентте депутат болду. Саясатты чаккандар менен үзөңгүлөш болду. Позициясы да эч кимге окшобойт. Саясатта ата-баланын позициясы  сөзсүз бирдей болуш керекпи?

-Равшан экөөбүздүн бир позицияда болгонубуз алган тарбиябызга жараша болду окшойт. Менин атам көптөргө акыл кошкон, көп кишиге жол көрсөткөн кыраакы адам болгон. Атамдын сөзүнө райондогулардан бери кулак төшөчү. Равшан да атамдын колунда өсүп калды. Ошон үчүн экөөбүздүн позициябыз окшош болуп калды окшойт. Айтмакчы  менин ушундай адам болуп калыптанышыма  адабий китептердин таасири  болду. Совхоздун китепканасында мен окубаган бир да китеп калган эмес. Менин жашоомдо ошол китептердин да таасири тийди.

Бирок, калыстык позиция Жеенбековдорго эле керек эмес да. Ар бир адам туура позициясын элге билдирип турганы жакшы. Атамбаевдин бийлигинде кызматта иштеп турганымда  Равшанды жаман көрсөтүшкө аракет кылды. Мынча нерсени сатып, жок кылып жиберген деп каралашка аракет кылды. Равшан мүлк комитетинин министри болгондо өзүм билемдик кылып эч нерсени сатып жиберген эмес. Ал сатыкка койгон нерсенин баары Жогорку Кеңештин токтому менен ишке ашкан. Ошон үчүн аны сатты, муну сатты деп доомат коюшканы менен  далилдей албай коюшту. Болбосо эбак эле СИЗОго камамак.

-Саясатчы катарында кандай кайрылуу кылат элеңиз?

-Бүгүнкү бийликтин Кыргызстанга кыйсыпыр түшүрбөй эртерээк кетип калышын каалайт элем. Эл менен бийликтин ортосун аңгыратып бөлүп салышты.  Бул бийлик мөөнөтүнөн мурун кетсе, элдин сообуна калат эле.

Маектешкен журналист
Жылдыз МУСЛИМОВА

Булак: “Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: