Menu

Илим Карыпбеков, КТРКнын башкы директору: «КТРКны башкарбай калсам эле оокатым өтпөй калбайт»

Бөлүшүү:

 

— Илим Майрамбекович, маекти баштаардан мурун сизге ден-соолук каалап, мындан кийин кырсыктан оолак болуңуз дейин. Азыр абалыңыз кандай? Кырсыкты ар кимдин оозунан ар кандай угуп жаттык. Жада калса сиздин дарегиңизге ар кандай сөздөр да айтылып кетти. Ал күнү спирт ичимдигин ичкениңиз ыраспы?

— Муну айтып берүүнүн эч кандай деле оордугу жок. Ушул жума жумушка чыктым. Кечээ үйгө түнкү саат бирден өтүп калганда бардым. КТРКдагы жаңылыктардын блогу саат 19:00дө орусчасы, 21:00дө кыргызчасы кетет. Жаңылыктарды сөзсүз түрдө көрүп кетем. Эгер ал жерде кемчиликтер же кошумчалар боло турган болсо балдарга айтып тапшырма берип, мындан тышкары кабинетти жыйнаштырып, болгон иш кагаздарга кол коюп жумуштан чыкканда эң эрте дегеним 11 болот. Кызматкерлер деле билет, болбосо биз чип системасына өткөрүп койгонбуз, аны көтөрүп деле караса болот, саат 11дин айланасында жумуштан чыгам. Эртеден кечке жумушта болгондуктан саат 10:30дан баштап, саат 11–12ге чейин өзүмдүн жеке иштерим боюнча жолугушууларды өткөрөм. Жолугушуулар көбүнчө кофе иче турган кафелерде өтөт. Тамактанып жатканда 2 же 3 киши менен жолукканга үлгүрөм. Ал күнү деле ошондой болгон. Мурунку күндөрү деле ошондой болгон. Мен кафеге досум менен барып олтуруп тамак ичип чыккам. Ал тургай ошол кырсык болгон күнү ичкилик ичип алыптыр деп чыгышты. Мен негизи ичкилик ичпейм. Аны жакындарым жакшы билишет. Досторум менен коштошуп ошол күнү кадимкидей эле үйгө жөнөгөм. Кафеден тамактанып чыгып Масалиев проспектиси менен баратып, жол чырактан өткөнүмдү билем. Машинаны деги эле катуу айдабайм. Ылдамдыкты 40–50 менен айдап келе жаткам. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда экен, кичине эле кулагандай болгом. Бирок өзүм олтурган жакта кулаптырмын. Эмне болуп кулап кеткенимди деги эле билбейм. Өзүм чарчап уйкум келип турганда дароо машинаны токтотуп уктап алчумун. Бул сапар же уктап кеттимби, же эсимди жоготуп койдумбу, бир нерсеге алаксыдымбы чын эле эч нерсени эстей албай жатамын. Машинанын ичинен элес- булас жулкулдатып жатышканын жана тез жардамда “жоготуп атабыз” деп айтып жатканын дагы эстейм. Калганын билбейм. Комага түшүпмүн, ошол жактан ойгондум. Ал жердеги доктурлар, саламаттыкты сактоо министри мен комада жатканда эле ичкен жок дешиптир. Мен өзүм комада жатсам анан ичкилик ичип алганымды алар эмнеге жашырсын. Кырсык болоору менен доктурлар кырсыктап жаткан адам ким болбосун дароо канын текшеришип, укук коргоо органдарына өткөрүп берет. Алар комиссия түзүп текшерет. Унаам кымбат болгондуктан жыл сайын камсыздандырып турам. Камсындандыруунун бирден-бир шарты эгерде жол кырсыгына мас абалында кабылсаң алар камсыздандырууну төлөшпөйт. Бул мага абдан зарыл. Азыр коомдо бир нерсени жашыруу мүмкүн деле эмес. Кырсык болуп өзүм өлүм алдында жатсам министрдин деле эки башы жок да жашыргыдай. Сабырбек Жумабеков деген кандай улуу инсан. Ал деле журналисттерге маалымат беришмек го. Мен айтсам, ал кишилер айтса ишенбейт. Деги эмне кылышым керек эле?

— Жаныңызда бир кыздын бар экенин да көрүп тургандай жазып чыгышпадыбы?

— Кызды деле жашыруу мүмкүн эмес эле. Мен өзүм эч нерсени билбей кансырап жатсам, канчалаган киши ошол замат чогулуптур. Алар кантип көрбөй калды экен ошол сулуу кызды? Анча кишинин оозун кантип жабам? Бирөө болбосо бирөө айтат эле го. Видео деле чыкты. Ошончо оор акыбалда жатса ал кыз секирип качып чыгып кетти деген эмне деген сөз? Түн болсо дагы дароо эле 50гө жакын адам чогула калыптыр. Тез жардам өтүп баратыптыр, алар токтоп жардам бере кетиптир, чакырган тез жардам дагы келип абалымды сактап калышты. Элге, тез жардам кызматкерлерине абдан ыраазымын. Сабырбек Жумабеков атамдай болуп калды. Ал киши командасы менен мени өлүмдөн сууруп чыгышты. Медициналык кызматкерлер өздөрүнүн баласындай эле карап багып жатышты. Мунун баарын айтып жатсам балким башкы директор ошондуктан ушундай мамиле жасашты деп чыгышы мүмкүн. Жандандыруу бөлүмүндө бир айдай жаттым, баарын көрдүм. Алар адамдын даражасына карабай баарына бирдей мамиле жасашат экен. Кичинекей балага тамак бергендей алдап, кыйналып жатсаң “баары жакшы болот, сакайып кетесиз”-деп айтышса дүйнөң өзгөрүп кетет экен. Биринчи кезекте Кудайдын колундабыз, Кудай сактады. Андан кийин доктурлар сууруп чыкты, мен тааныбаган адамдар жакшы пикирлерин жазышты. Социалдык тармакта көп учурда жамандаганын эле укчумун. Ошондой учурда өмүрү билбеген адамдар пикирлерин жазып жатышты, канды деле тааныш эмес адамдар тапшырыптыр. Көбү менен жолукпай билбей калышым мүмкүн. Кудай дагы өмүр берсе балким жолугуп калаттырбыз, жылуу сезимдер пайда болот экен. Чынын айтсам ошол убакта менин дарегиме абалымдын оор экенине карабай тилекке каршы жаман пикир айткандар да болуптур. Ошолорго айтаарым бар. Менин башыма келген жамандык силердин башыңарга түшпөсүн, эч качан аны каалабаймын.

— Азыр өзүңүздү жакшы сезип жатасызбы?

— Ооба, азыр жакшы эле сезип жатам. Бирок алган жаракаттарым оңой эмес. Клиникалык өлүмгө барып келгенден кийин толук сакайып чыгуу оңой болбойт экен. Реаблитация учуру бир-эки жылга созулушу мүмкүн.

— Кечээ парламентте депутаттар байкоочу кеңештин ишин карады, бизге байкоочу кеңештин кереги барбы?

— Илимдүү, билимдүү телеканалдын маани-маңызын түшүнө билген адамдар болсо байкоочу кеңештин бар экени жакшы. Мен бүгүн бармын, эртең башка киши келет. КТРКнын тарыхында кандай гана башкы директорлор келгенин билебиз. Бир адамды бекитип койгондо көзөмөл жок болсо адам деген көп иштерди жасашы мүмкүн. КТРКнын башкы директоруна көп ыйгарым укуктар берилет. Адам деген аны көтөрөт же көтөрө албай калышат. Көтөрө албай калышканда аша чаап кызмат абалынан пайдаланган учурларын деле көрбөдүкпү? Башкы директорду кутуртпай, көзөмөлдөп турган жагы жакшы. Байкоочу кеңешке шарт түзүп айлык бериш керек. Бекер иштейбиз десе дагы кандай гана конкурс болду. Ким гана барам дешкен жок. Баары чын жүрөгү менен бекер иштейбиз десе укмуш анда. Биздин коомдук каналга бекер иштеп берейин деген адамдар келип жатса анда жакшы. Бекер күндөп-түндөп ким иштеп берет азыр ушундай оор заманда? Жашырып эмне кереги бар, КТРдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоном деген ой менен келе жаткан байкоочу кеңештин адамдары жок эмес. КТРКнын ичиндеги кадр саясатына таасир этем деген адамдар менен келишет. Ушинтип олтурушса чоң коллективдин ишинде ажырым болот экен. Бул жерде мени баары сүйүп олтурган жок, нааразы болгондор дагы бар. Албетте нааразы болушат, жумуш убагында ката болгондор болбой койбойт. Андай учурда ар кандай чараларды көрүүгө туура келет. Чанда эле адамдар өзүнүн туура эмес кылганын сезе билбесе калгандарынын баары мени туура эмес кетирди, адилетсиздик кылды деп айта башташат. Анан адилеттүүлүк издеп ошол байкоочу кеңештеги 15 кишиге барат. Кыргызда баарыбыз эле тууганбыз, он беш кишинин арасынан бир- экөө жакындары же жердеши болуп чыга калат. Анан ошол жерден балээнин баары башталат. Ал телефон чалат, аткарбай койсоң байкоочу кеңештин аянтын жеке маселесин чечкенге пайдаланып анан эки тарап согуша баштайбыз. Байкоочу кеңеш баарын түшүнүп, бюджетти кабыл алып берип, атайын критерийлерин иштеп чыгып алып жылдын жыйынтыгы менен башкы директор башкара албаса, жетишкендиктерге жетишпесе кетирип салышсын. Анан жыл айлана электе эле олтуруп алып бир айда үч-төрт жыйын кылып, ал жерде шоу жасап, ошондон ызы-чуу болуп жумуштан саясат жасап ийип жатышат. Болбосо сапаттуу туура түшүнгөн адамдар келсе, байкоочу кеңештин жакшы жактары абдан көп. Коллективде байкоочу кеңешти басымдуу бөлүгү сүйө бербейт. Мен аларга “көзөмөл орган, башкы директорду көзөмөлдөп турбаса болбойт”- деп башкы директор болуп туруп айтып жатабыз. Сырттан кетип калып айтып жаткан жокмун.

— Кечээ парламентте Жылдыз Бакашева сизге карата абдан терс пикирлерди айтты. Сиздин ордуңуз кимдир бирөөгө керек болуп жаткан жокпу?

— Мен бул кызматка келгенден бери эле менден кийинки келе турган кишини талкуулай башташкан. Чынын айтайын кайсы кишинин келээри жөнүндө ойлонуп да койгон жокмун. Анткени КТРКнын башкы директору болуу абдан оор. Балким сырттан абдан жеңил көрүнөт. Килейген мекемени жетектеп олтургусу келген адамдар бардыр. Мен байкоочу кеңештин кайсыл учуру менен макул эмесмин, аргументтери менен айтып бере алам. Кээ бир оңдуу айткандары туура болсо, катачылык кетип жатса кечирим сурай турган жерден сурап, жоопкерчиликти тартууга даярмын. Негизсиз, обу жок эле тигил туура эмес, бул туура эмес дей бергенден алысмын. Мисалы тарых жана маданият жылына программалар болгон жок деп айтты. Мен буга караманча каршымын, болбогон эле сөз. Маданият жана тарых жылына бизчелик эч ким программа даярдай алган жок. Керек болсо биз өз күчүбүз менен «Маданият» теле каналын ачтык. Өкмөттөн бир тыйын алган жокпуз. Анан ушунун баарын көрүп туруп маданият жөнүндө берүүлөр аз болду дегенди кабыл албаймын.

— Сизге карата депутаттар, ар кандай адамдар түрдүү сөздөрдү, сындарды чыгара баштады. Бул сизди кызматтан кетирүүнүн аракети эмеспи?

— Мыйзамда мен депутаттардын алдында эмес, байкоочу кеңештин алдында жооп берем. Ага болбой эле мамлекеттик кызматкерлердей чакырып алып жулкулдатып ары-бери тепкилеп басып калышты. Мыйзамды караш керек да. Парламенттин укугу мени кетире албайт, байкоочу кеңештин иши. 120 адамдын 120 пикири бар. Анын баары эле мага жакшы карайт дегенден да алысмын. Канча сын пикирлер айтылды. Кээ бирөөлөр ачыктан-ачык көрө албастыгын билдирип жатты. Коомубузда күрөш, талаш-тартыш дайыма болуп турат, буга туура эле карашыбыз керек. Менин деле өмүр бою КТРКны башкарып калайын деген ниетим жок. Эгер мөөнөтүм бүткөнчө мүмкүнчүлүк беришсе аягына чейин иштейм. Андан кийин мыйзам мага конкурска катышканга уруксат берет. Бирок азыр айтып коёюн, кийинки конкурстарга катышпаймын. КТРКны башкарбай калсам эле оокатым өтпөй калбайт. Кудайга миң мертебе ыраазы болгонум, ушундай акыл-эс бергенине шүгүр. Бул акыл эс менен нан таап кеткенге кудуретим жетет. КТРКнын директору боло электе эле үй-бүлөмдү бакканга кудуретим жетчү. Мындан кийин дагы буйруса жетет. КТРКдан жеп-ичүү бат эле көрүнүп калат. Бул жерде 1000 киши турат, кимисинин оозун тыя алам? Дароо эле билинип калат. Мен өзүмдү жашмын, КТРК менен өмүрүм бүтүп калбайт деп эсептейм. КТРКдан таза, ак иштеп кетким келет. Кечээ эки тараптын тең пикирин бер деп айтып жатышты. КТРКнын ордуна Би-Би-Сини алып келип койсо деле ушундай эле сын пикирлер айтыла берет. Сын пикир так ушундай болот. Теле берүүнү коомубуздан бөлүп башкача кылып айта албайбыз да. Коомубуз менен чырмалышкан бир бөлүгү. Коомубуз кандай болсо биздин канал так ошону чагылдырат. Мен муну айтып жатсам Аида Жеңишбековна “кайсыл мыйзам жөнүндө сүйлөп жатасың”- деп айтып жатат. Азыр биз атайын мыйзамдын чегинде иштеп жатабыз. Мыйзамга силерге жаккандай кылып өзгөртүү киргизип бергиле дедим. Коомдук деген мыйзамда аты болгону менен КТРК турган турпаты менен мурдагы мамлекеттик болуп эсептелинет. Баардык мамлекеттик идеология, маданият, тарых, тил мамлекеттик саясат, өкмөттүн саясаты, Жогорку Кеңештин саясаты, президенттин аппаратынын саясаты баары бизге жүктөлгөн. Өкмөттүн же президенттин аппараты “өкмөт башчы баланча жерге барды, чагылдыргыла” десе мен жок өз көз карашымды берем деп айта албаймын. Буга мыйзам милдеттендирет. Парламент “өкмөт менен президенттин аппараты бергенди бербейт, өзүнүн көз карашын берейин”- десе болду өзгөрөт. Өздөрү ошол жерде чабышып ошол нерсени жасай албайт, анан аяккысы келип КТРКны тепкилеп жатып калышат. Биз тепкилегенге ыңгайлуубуз, алсызын баса калып тепкилеген оңой да.

— Мисалы кечээ “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары сизге көбүрөөк асылды. “Бизге бир минут дагы эфир беришкен жок, бир тараптуу чагылдырып жатасыңар”- дешти. Бирок ошол башкы атамекенчиге тийешелүү болгон «Сентябрь» теле каналы деле бир тараптуу берип жатышпайбы. Ар ким өз колундагы ресурсту колдонот да туурабы?

— Бул сурооңузга ошол Аида Жеңишбековнанын өзүнүн кечээки сөзү менен жооп берет элем. Мыйзамга такайсыз, мыйзамда жазылбаган эки тарапты тең берүү деген алтын эрежелер бар деп айтты. Мыйзамда жазылбаган жеке «Сентябрь” теле каналында эмнеге алтын эрежени сакташпайт? НТС, «Сентябрь» телеканалына ошол алтын эрежелерди сактатып туруп анан КТРКга үйрөтсө анда жөндүү болмок. Андай болгон жок да. Ошол партиянын телеканалында мени, өлкө башчысын каалагандай шыбап жатышат, бирөө бирдеме деп жатабы? Эч ким эч нерсе деген жок. Ар ким каалагандай жалпыга маалымдоо каражатын ачып алып сого берсе болот экен деп унчукпай олтурабыз. Кечээ Аида Жеңишбековна “сиз, «Сентябрь», НТС баарыңар алтын эрежени сактасаңар жакшы болмок”-десе окшошмок. Анан “сен мыйзамды караба, сен алтын эрежелерди сакта, «Сентябрь» жеке телеканал ал алтын эрежени сактабай эле койсун”- дегени бул кош стандарттуулук.

— Каныбек Иманалиев кечээ сизди бир тараптуу маалымат бересиң деп айыптаган. Буга чейин маалым болгондой ал киши буга чейин Аскар Акаевдин маалымат кызматчысы болуп иштеген, маалыматтарды бир тараптуу бергендигин көп кишилер айтып эле жүрүшөт?

— Аида Жеңишбековнаны жакын арада эле “Маанилүү маек” деген теле берүүгө келиңиз деп чакырдык. Ал киши “теле берүү прайм-таймда эмес, мен ошондой учурга чыгам”- деп келбей койду. Макул болуп Ой-Ордого чакырдык. Ал деле прайм-тайм учурунда берилет, түз эфир. Анда дагы келген жок. Мен Аида Жеңишбековнага өзгөчө чакыруу баракчасын жибере албаганым үчүн кечирим сурайм. Эл катары эле келсин дегенбиз. Айрым мурда бийликте иштеп жүргөндө балыктай унчукпай жүрүп башка дагы көп иштерди жасагандар бар. Ошол адамдарга айтаарым бар. Сиз, биз унчукпай эле коёлучу. Эл сындаса туура жарашат, аны кабыл алышыбыз керек, оңдойбуз. Кечээ бийликте жүрүп, кылбаган нерсенин баарын кылып, анан азыр коомдук ишмер болуп койкоюп олтуруп, оозду чоюп укмуштарды айтып жатабыз. Кичине адамга бет керек. Мен деле унчукпай эле олтурам го. Шапкени тескери кийип таптаза болчумун деп айткан туура эмес. Мамлекеттик кызматта иштегенде эч качан өз эркиң менен боло албайсың. Мамлекеттик эрежелер, система бар, ошонун нугу менен иштейсиң, ошонусу менен мамлекеттик кызматкерсиң. Мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин эле “мамлекеттик кызматта мен иштеп жатканда таптакыр башкача болчумун”- дегени таптакыр туура эмес. Кичине сабырдуулук, тең салмактуулукту сакташ керек го дейм.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: