Menu

Ленара Ниязбекова, “Кыргызленд” эспортерлор жана импортерлор кыргыз ассоциациясынын төрайымы: “Ар бир өзүн сыйлаган мамлекет ички потенциалын, өзүнүн өндүрүшчүлөрүн коргойт”

Бөлүшүү:

“Кыргызленд” эспортерлор жана импортерлор кыргыз ассоциациясынын төрайымы Ленара НИЯЗБЕКОВА айым айыл чарба азыктарын экспортко алып чыгып, дүйнөгө жайылтуу боюнча бир топ алгылыктуу иштерди алып барып жүрөт. Бүгүн ал багыттагы бир топ көйгөйлөр тууралуу кеп козгодук.

 — Экономикабызда экспорт, импорт боюнча жаңыча иштерди алып барып  жүрөсүз. Кеп багытын ошол жака бурсак?..

— Кыргызстандын жылдан жылга өсүү кадамы арыштап барат. Экспорт, импорт жөнүндө кеп кыла турган болсок, бизде импорт жетиштүү. Анткени биздин рынок соода өнөктөштүгү мүчө болгон өлкөлөр үчүн кенен ачылган. Экспорт боюнча Кыргызстан көп иштеши керек. Өлкөбүздүн потенциалы, экономиканын бирден бир көрсөткүчү болуп экспорт саналат. Кыргызстан бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай боюнча, анын ичинде кийим-кече тигүү процесстери жагынан атайын түзүлгөн ассоцияциясы, Кыргызстандын кийимдери бренди менен жакынкы өлкөлөрдө, анын ичинде Орусияда жакшы таанылган.

— Агрардык абалыбыздын ордучу?

— Бүгүнкү күндө негизги маселе агрардык маселе болуп жатат. Агрардык маселе боюнча экспортко чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз абдан кеңири. Анын эшиги эми гана ачылып жатат. Ошондуктан мунун үстүндө баарыбыз жапатырмак иштешибиз керек. Мамлекет деген бир бүтүндүк. Жалпы элдики. Экспортко чыгуу боюнча жогортон төмөн карай, төмөнтөн жогору карай баардык жарандар аракет кылышыбыз керек. Агросектор боюнча ар бир дубан өзүнө тиешелүү айыл чарба азыктарын сапаттуу өстүрүүнү колго алуу зарыл. Сырткы рынок бизден үч нерсени талап кылат: сапат, көлөм анан баа саясатын сурайт. ЕАЭБге кирүү менен Кыргызстан чоң кадам таштады. Кыргызстандын баба дыйкандары үчүн миллиондогон кардары бар рыноктун эшиги ачылыды. Рынокту багындыруу жагы өзүбүздүн аракетибизге байланыштуу. Экспорт экономиканын негизги баскычтарынын бири. 2017-жылы Кыргызстандын түндүк-түштүгүн түрө кыдырып, фермерлер, жер менен жакындан таанышып келдим. Бүгүнкү күндө табигый таза азыктардын мекени боло турган өлкөбүздүн мүмкүнчүлүгүн өз колубуз менен кыркып жок кылып жатабыз. Бул деген жерге болгон туура эмес мамиледен, фермерлер экономикалык жактан кудуретсиз болуп, чыгашада отурушат. Быйыл дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

— Айыл чарба азыктарыбыз менен Москва шаарында көргөзмө уюштурдуңар эле…

— ЕАЭБдин алкагында 2016-жылы айыл чарба азыктарын жарыялап, биринчи жолу Москва шаарына чыгып, көргөзмө уюштурдук. Ошол жерде орусиялык кардарларга Кыргызстандын агрардык сектордо потенциалы бар экенин далилдедик.

Дың жердей козголбой турган Кыргызстандын ички потенциалына абдан көңүл бурушубуз керек. Бир аксакал менен жолукканыбызда жакшы сөзүн айтты эле, “25 жылдан бери “бер, бер” деп көпкө сурандык. Эми өзүбүз түшүм бере турган мезгил келди” деп. Анын сыңарындай, “инвесторлорго жакшы шарттарды түзүп берели, инвестицияны колдойлу” деп атабыз. Бирок ички инвесторлорго да көңүл бөлүп, ички потенциалды көтөрүү боюнча да кам көрүшүбүз керек. Фермерлерибиз өздөрү агроном, өздөрү сатуучу б.а. өнөрдүн баарын өздөштүрүп бүтүштү.

— Биздин ички инвесторлорду коргоо, аларга шарт түзүп берүү жагынан аксагандайбыз…

— Ар бир өзүн сыйлаган мамлекет ички потенциалын, өзүнүн өндүрүшчүлөрүн коргойт. Тилекке каршы, коргоо иммунитети бизде болбой жатат. Биздеги дагы бир көйгөй – ортомчулар. Алар колдон-буттан алып фермерлерди жарытпай жатса, экинчиден, кошуна өлкөлөрдөгү ортомчулар. Биз инвесторлор деп жатабыз, булар болсо алып-сатарлар болуп жатат. Ошол эле Таластын төөбуурчагын түрктөр алып сатып жатат. Күнөскана рыногун Кореядан, Кытайдан келген адамадар ээлеп алган. Бирок алар өндүргөн азыктардын сапаты кандай болуп жатат? Алардын азыктарынын канчалык пайдалуулугун, зыяндуулугун таразалай элекпиз. Тамак-аш коопсуздугу жөнүндө ойлонгон жокпуз. Түрк туугандарыбыз Таластын төөбуурчагын монополия кылып алды, ал жөнүндө айта элекпиз. Жерибиздин сапаты кандай болуп жатат? Биздин жердин үзүрүн тажик, өзбек, казак туугандар, андан калганын түрк туугандар көрүп жатат. Ошолордун баарын өзүбүздүн элдин капчыгына түшүрүү үчүн биз кайра иштетүүчү заводдорду, өндүрүштөрдү аянбай куруу керек. Кайра иштетүүчү долбоорлор стратегиялык мүнөздө болсо, аянбай эле басып жаткан акчаларыбызды бериш керек. Жергиликтүү ишкерлер менен мамлекеттин ортосунда эриш-аркак иш алып баруу шарт. Бул жыл бизди кубандырып, “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. “Ишибиз илгерилейт” деп үмүттөнүп турабыз.

— Сиздердин ассоциация кайсы өлкөлөр менен алака түзүп жатат?

— Азыркы учурда Орусия Федерациясынын бир топ аймактары менен, андан сырткары Казакстан, америкалык өнөктөштөрүбүз менен иш алып барып жатабыз. Айрымдары менен товар айландыруу процесстерин түзүп жаткан болсок, айрымдарынан баш тартып жатабыз. “Эл аралык сертификаттарды албай туруп, эл аралык рынокко чыга алабыз” деп айта албайбыз. Бирок ошентсе да, өнөктөштөрүбүз менен айрым системаларды куруп, илгерилөө аракетиндебиз.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: