Menu

Нурбек Мурашев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри: Быйыл түшүмдүүлүк жакшы, оруп-жыйноо иштеринде көйгөй жок

Бөлүшүү:

– Нурбек Мурпазылжанович, оруп-жыйноо иштери, түшүмдүүлүк кандай болуп жатат?

– Кудай буюрса жаман эмес. Түшүмдүүлүк жакшы. Оруп-жыйноо иштери да ойдогудай жүрүп жатат. Быйыл 2018-жылы жалпы айдоо аянты 1214,9 миң гектарды түзүп, өткөн жылдан 8,3 миң гектарга көп болду. Пайдаланылбаган айдоо жерлердин аянты өткөн жылга салыштырганда 7,5 миң гектарга азайды. Дыйкандар үрөн, минералдык жер семирткичтер, химикаттар, биологиялык препараттар менен жетиштүү камсыз болушту. Дизелдик отун майлоочу майлар жана айыл чарба техникалар менен камсыздоодо да көйгөйлөр болгон жок.

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыкчам маалыматтары боюнча республика боюнча кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн 374,0 миң гектары жыйналды. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 9,4 миң гектарга көп. Анын ичинен буудай 209,1 миң гектарга же өткөн жылдан 11,0 миң гектарга көп жыйналды. Арпанын 164,9 миң гектар аянтты жыйналды, өткөн жылга салыштырганда 1,6 миң гектарга аз болду. Учурда Баткен облусунда кылкандуу данды 100, Жалал-Абадда 93,7, Чүй облусунда 96, Талас жана Ош облустарынын дыйкандары 85 -91,7 жыйнап алышты. Учурда Ысык-Көл облусунда 88,3 миң гектар, Нарында 23,3 миң гектар кылкандуу дан эгиндери оруп-жыйноо иштери жүрүп жатат.

Азыркы кезде республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин түшүмү өткөн жылга салыштырмалуу 43,6 миң тоннага көп топтолду. Башкача айтканда, буудай 558,8 миң тонна жыйналып, былтыркыдан 37,3 миң тонна ашык. Арпа 401,7 миң тонна топтолуп, өткөн жылкыга салыштырмалуу 6,3 миң тоннага көп болду.

Ал эми жүгөрү жыйноо иштери жакшы темпте жүрүүдө. Республика боюнча жалпы 14,4 миң га жыйналып, сунушталган түзүмгө карата 13,7%ды түздү. Дүң жыйым 64,8 миң тоннаны түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 10,4 миң тоннага көп болууда.

Чанактуу дан өсүмдүктөрдү жыйноо республика боюнча 4,6 миң гектар жерге айдалып, дүң түшүм 8,6 миң тонна болуп, былтыркы жылга караганда 1,4 мщ тоннага аз жыйналды.

Картошканын түшүмүн да жыйноо кызуу жүрүп жатат. Дүң жыйым 405,5 миң тоннаны түздү. Өткөн жылга карата 28,6 миң тонна көп.

Жашылча өндүрүүчүлөр да жакшы жыйынтыктарга жетишип, дүң жыйым 586 миң тонна жыйналып, 2017-жылга карата 42,8 миң тоннага көп болду.

Май өсүмдүгү 13,0 миң га аянтта жыйналып, дүң жыйым 17,3 миң тонна жыйналып былтыркы жылга салыштырмалуу 2,7 миң тоннага көп топтолду.

– Быйыл айыл чарбасын колдоо, каржылоо багытында кандай иштер аткарылды?

– Айыл чарбасын каржылоо долбоорлору боюнча жалпы 6 жыл аралыгында коммерциялык банктар тарабынан 25,9 млрд, сом жеңилдетилген насыя берилди. Анын ичинен быйылкы жылдын 30-августуна карата 5,0 млрд, сомдон ашык насыя берилди. Анын 2,76 млрд, сом же 55,2 %ы мал чарбачылыгына, 1,24 млрд, сом же 24,8 %ы дыйканчылыкка, 1,0 млрд, сом же 19,6 пайызы кайра иштетүүгө берилди. 2018-жылы жалпы 7 млрд, сомго чейин жеңилдетилген насыяларды берүү күтүлүүдө.

Ошондой эле 2011-жылдан бери дыйкан-фермерлерге 2473 даана айыл чарба техникасы, ал эми быйыл 214 даана техника лизингге берилди. Региондордо жалпы 60 МТС иштеп жатат, 2018-жылы 9 МТС түзүлдү.

Министрлик тарабынан республикалык, облустукжана райондукдеңгээлде Өткөрүлүп жаткан окутуп үйрөтүүчү семинарлар талаа күндөрү да өз таасирин берип жатат.

– Айыл чарба продукцияларын сырткы базарларга чыгарууда Казакстан жана Россия Федерациясы тарабынан жүктөрдүн кайтарылышы боюнча маалымат берип өтсөңүз?

– Айрым ишкерлердин товарларынын артка кайтарылышына, биринчи кезекте товарды коштоп жүрүүчү фитосанитардык сертификаттын жоктугу негизги себеп болгон. Экинчи жагдай, фитосанитардык сертификатта көрсөтүлгөн транспорттук каражаттын номери учурдагы транспорттук каражаттын номерине дал келбеген учурда, ошондой эле ишкерлердин фитосанитардык сертификатында жазылган дарек боюнча барбастан, башка даректен жүктү түшүргөндүгүнө байланыштуу фитосанитардык сертификат жараксыз деп табылган учурлар кездешип жатат. Үчүнчүдөн, продукциянын маркировкасынын жоктугу, товарларды артка кайтарууга негиз түзгөн.

Биз жогорудагы көрсөтүлгөң кемчиликтерди жоюу же кыскартуу боюнча ар дайым жер-жерлерде жүк ташуучу жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүп, түшүндүрмө иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок Казакстан жана Россия Федерациясынан жүктөрдүн артка кайтарылышы тууралуу маалымат каражаттарында чыккан билдирүүлөр боюнча расмий түрдө эч бир жүк ээси министрликке кайрылган эмес. Негизинен ушундай көйгөйлөр чакан жүк ташуучулар тарабынан болуп жатат.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: