Menu

Жалгыз жесирди небереси менен талаага кууп чыгышты

Бөлүшүү:

Кыргыз циркинде кайрадан ызы чуу! Себеби Кыргыз циркинин администрациясы, эч себепсиз, эч кандай соттун чечимисиз эле цирктин мейманканасындагы бир бөлмөдө эптеп күн кечирип жаткан Деркенбаева Айнабүбү деген апанын өзүнө да айтпай турушуп, өзү үйүндө жок кезде кулпусун талкалап киришип оокаттарынын ырыстуусун тоноп алышып, калганын тышка чыгарып салышкан!
Айнабүбү Деркенбаева апа ким? Ал кыргыз Республикасынын алгачкы дипломдуу артисти, Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, кыргыздардан биринчи болуп индиялык йога системасын өздөштүрүп чыккан, бүткүл дүйнөнү түрө кыдырып өз өнөрү менен бүткүл дүйнөгө таанылып келген Жетимишбаев Болоттун өмүрлүк жары болот! Өз мезгилинде Болот Жетимишбаев 1974-жылы Кыргыз циркинин легендарлуу директору А.Изебаевдин жеке сунушу менен Москвадагы мамлекеттик цирк жана эстрада училищасын (ГУЦЭИ) ийгиликтүү бүтүрүп келип кыргыз тарыхындагы эң биринчи дипломдуу артист наамын алган алгачкы карлыгач болчу. Өмүрү өткүчө үй берилбей цирктин бир бөлмөсүндө уулу үчө жашап жүрүп акыры 1999-жылы май айында ошол бөлмөсүндө инфарктан каза болуп сөөгү ошол жерден чыккан! Айла жок Болот ага жазмыштын буйругу менен каза болуп чыкса, эми бийлик анын жесирин небереси менен тирүүлөй үйүнөн зордук менен ыза көрсөтүп кубалап чыгып жатат. Ал жерде цирк өнөрүнө тийешеси жок көптөгөн тышкаркы эле адамдар жашап жүргөнүнө карабай, бийликтин алы жалгыз жесир апага, болгондо да кыргыз цирк өнөрүн дүйнөгө таанытып келген инсандын жубайына жеткенине таң калып отурабыз! Айнабүбү апабыз эми алаканын «жайып» бир Кудайдан жана бир бийликтен үмүрт артып көрүнгөн жерде баш калкалаап жүргөн чагы.
Болот Жетимишбаев
Болот Жетимишбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: