Menu

Камчыбек Ташиев: “Өмүрбек Бабановдун элдин, мамлекеттин тынчтыгын бузуп албайын деген туура чечимин мен колдоймун”

Бөлүшүү:

Саясатчы Камчыбек Ташиев бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бүгүнкү Кыргызстанга келбей коё туруу тууралу чечимин туура деп эсептеп, колдой тургандыгын өзүнүн Facebook баракчасында жазып билдирди:

“Туура эле кылыптыр!
Москвага барганымда Өмүрбек Бабанов менен бир гана жолу сүйлөшкөнбүз, ал маалда өзү эле келе турган болгон, анын ою таза болгон,”мен актыгымды далилдеймин” деп гана айтканын уккам жана колдогом, андан кийин анын келиши, ким кантип тосуп алышы же штабындагы уюштуруу иштери боюнча бир да адам менен катышып сүйлөшпөдүм эле, кийин эле эл топтолот болуп кетти, ушулардын баарын көрүп туруп элдин тынчтыгын бузуп албайын десе керек, өзүнө зыян болсо да, элди мамлекетти ойлоду, мүмкүн Өмүкенин өмүрүндөгү эң оор, бирок туура чечимдир, мен колдоймун, туура эле кылыптыр!” – деп жазат Камчыбек Ташиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: