Menu

Кубан Чороев: Кризистин өзү эмес, кризисти күтүү коркунучу өтө кооптуу

Бөлүшүү:

Американын дүйнөгө атагы чыккан финансисти Джордж Сорос үстүбүздөгү жылдын май айларынын соңунда, күз айларында дүйнөлүк экономикалык кризис башталарын белгилеген экен. Өнүккөн өлкөлөрдө, ал эмес биздин өлкөдө деле валюталык туруктуулук жоголуп, доллар баасы жогорулап, рубль, сомдун куну түшүп, эл арасында кооптонуулар орун алды. Мындай абалдан чыгыш үчүн тез арада валюталык режим киргизиш керек деген экономика эксперти Кубан ЧОРОЕВге суроо узаттык.

– Дүйнөлүк экономикалык кризис болорун экономика эксперттери жаз айларынан тарта маалымдай баш-ташты эле. Азыр валюталык турук-суздук башталып келе жаткандай….

– Биздин кыргыздын сому, биздин валюта өзгөчө Орусия, Казакстан жана жа-кынкы стратегиялык экономикалык онок-төштөр менен тыгыз байланышкан. Ко-бүнчө экономикалык абалдан дагы эмес, психологиялык жактан ошолорду кабыл алууда таасири жогору болот. Мисалы, Кыргызстанда акыркы жылдарда элдин көбү акчаларын сом менен сактап калган убакыт бодцу. Эми болсо сырттан ар кан-дай кабарлар келген сайын кыргыз сомун долларга алмаштыруу процесси күч алат. Мына ошол процесс сомдун курсуна ото терс таасир берет. Мындай нерсе бизде 2014-жылдын аягы 2015-жылдын башын-да болгон. Анда сомдун арзандашына эч кандай фундаменталдык-экономикалык негиздер болгон эмес. Бирок, ошол убак-та сырттан келген маалыматгар ошол эле рублдин кескин түшүп кетиши биздин жарандар арасында кооптонууну жарат-кан. Эң күчтүү таасир берген нерсе кооптонуулар болот. Экономикалык эч кандай факторлор таасир бербейт. Элдин кооп-тонуусу таасир берет. Доллар, евролорду сатып ала башташат, сомго болгон та-лап кескин азаят. Ошондо сомдун курсу түшө баштайт. Туруктуулук болуш үчүн биз мьшдай системада сомдун валюталык режимин өзгөртүшүбүз керек. Муну торт жылдан бери айтып келе жатам. Биз кыс-ка убакытта режимди озгортпосок, анда Улутгук банк катачылыктарга барып ка-лышы мүмкүн. Эл дагы кескин зьшн тар-тып калышы ыктымал.

– “Валюталык режим” деген кандай, кененирээк түшүндүрө кетсеңиз?

– Валюталык башкаруу режими деп коёт. Бул валютаны туруктуу бир курска

байлоо болуп саналат. Бул курс мыйзам менен бекитилет. Сом долларга, доллар сомго туруктуу курс менен сатылып ту-рат. Ошондо бизде эч кандай кооптонуу болбойт. Мыйзам менен бул курс бекитилет. Валюта курсу кризистерге учурабайт.

– Негизи кризис болуу коркунучу жокпу?

– Кризистин өзү эмес, кризисти күтүү коркунучу ото кооптуу. Экономикадагы баардык нерсе стабилдүүлүктүжактырат. Ошол дүйнөдөгү өнүгүп жаткан мамле-кеттерде капиталдын кетип калышына себеп болот. Бизге окшогон олколордо жакынкы аралыкта девальвация, башка-ча айтканда, валюталардын куну түшүшү күтүлүп жатат. Чет олколордо, Орусияда, Түркияда жана башка өнүгүп жаткан олколордо кризис башталды деп айтсам жа-цылышпайм.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: