Назарбаев университетинин деканы Аида Сагынтаева трансформация доорундагы жогорку окуу жайлардын миссиясы кандай болушу керектиги жөнүндө семинар өткөнү тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн 18-октябрда билдирди.
Алардын айтымында, билим берүү жана илим министрлигинин имаратында өткөн иш-чарага Кыргызстандагы 30дан ашун университеттердин проректорлору катышкан. Аларга Аида Сагынтаева санариптик трансформация доорунда университеттер үчүн жаралчү көйгөйлөр, аларды чечүү жолдору, окуу жайлардын социалдык жоопкерчилигинин өзгөрүшү жана ЖОЖду башкаруу менеджменти тууралуу айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүшкөн..
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ