Menu

Депутат Курманкул Зулушев: «Ири долбоорлордо мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл»

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБин калыбына келтирүү үчүн алынган 386 миллион доллар өлчөмүндөгү насыянын пайдаланылышы боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда, депутат Курманкул Зулушев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон тышкары, «Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы өткөргүчү, «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу, «Акылдуу шаар» сындуу ири долбоорлорун, ошондой эле бир катар компаниялардын иликтөө боюнча тапшырмалар берилгенин эске салып, анын аткарылуу абалына кызыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов буга чейин негизги күч Бишкек ЖЭБин модернациялоо ишине бурулганын, азыр башка иштер да иликтене баштала турганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын сөзүн бекемдөө менен бирге, айрым иштер Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору менен катар эле айрым башка иштер боюнча да иликтөөлөр жүрүгүзүлүп келгенин белгиледи. «Бишкек ЖЭБи боюнча 8 эксперт менен 47 тергөөчү иштеди. Азыр алардын колу бошоп калды, жакында башка иштерди иликтөөгө жөнөтөбүз», – деп кошумчалады ал.

Ал эми Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов ушу тапта «Түндүк-Түштүк» жолунун бүткөрүлгөн участкалары аудит иштери жүргүзүлүп жатканын, Датка-Кемин» жогорку чыӊалуудагы өткөргүчү долбоору боюнча аудиттик текшерүү жумуштары башталганын айтты. «Аудит жыйынтыгы чыккан соӊ, материалдарды укук коргоо органдары менен бирге парламенттин кароосуна киргизебиз», – деди ал.

Депутат Курманкул Зулушев өлкө аймагында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун жүрүшүн кылдат текшерип чыгып, мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарынын баарын кылымыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын белгиледи.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: