“Иним, кош! Менин аялым көзүмө чөп салыптыр, бүгүн мойнуна алды. Ал башка бирөөнү сүйүп, корпоративдик кечеде ал менен бирге болгонун айтты. Мен балдарды өзүм менен кошо алып кетем”, – деген Халиков. Андан кийин ал байланышка чыккан эмес.
25-декабрда Фазыл аялына телефон чалган, бирок ал телефонго жооп берген эмес. Эрте менен аялы корпоративдик кечеден кийин үйүнө кайтып келгенде, эркек “көзүмө чөп салды” деп шектенген.
Кийинчерээк аял өзү полицияга корпоративдик кечеде күйөөсүн кесиптеши менен бирге болгонун айтып, үйүнө келгенде көзүнө чөп салганын мойнуна алганын айткан. Ушундан улам жубайлар катуу урушушкан. Аялы жуунуп жатканда, күйөөсү балдарын кийинтип “сейилдейбиз” деп үйдөн чыгып кеткен.
Ишти Башкириянын Тергөө комитети тергеп жатат. Азырынча алардын бир гана версиясы бар – Фазыл балдарын өлтүрүп, андан кийин өз өмүрүн кыйган.
Тергөөчүлөр экспертизанын жыйынтыгында өлүмдүн так себебин аныкташкан – үй-бүлө көмүр кычкыл газына ууланган. Ошондой эле эркек кишинин өлүм алдында жөнөткөн аудио билдирүүлөрүн текшерүү керек, бул үчүн атайын экспертиза дайындалган. Анткени, Фазыл көз жумардан мурун буга эмне түрткү болгонун айтып видеотасма тартып, аудио билдирүүлөрдү жаздырып алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ