Бүгүн, 29-декабрда Ош шаарынын мэриясына болжол менен 40-50 адам чогулуп, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан түштүк борбордун мэриясынын ипотекалык насыялоонун алкагында пайыздык чендерди төмөндөтүү маселесин карап чыгууну талап кылышты. Учурда анын пайызы жылына 4% түзөт.
Ош шаардык мэриясы бүгүн депутаттар ипотекалык насыя берүү маселесин карай тургандыгын түшүндүрүштү.
“Айрым жарандар пайыздык чендерди төмөндөтүүнү суранышса, айрымдар пайыздык чендерди нөлгө түшүрүүнү суранышууда”, – деди мэриядан.
Ошондой эле, чогулган адамдар эч кандай ураан чакырып, кыйкырышкан жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ