Menu

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Баш мыйзам улак тартышка айланды”

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоодо кайсыл талапкерге эл ишеним көргөзсө, утушка жетишкен инсан колун Башмыйзамга коюп, мамлекеттин гимни ойнолгондо колун көкүрөгүнө коюп, элдин алдында ант берет. Бул эреже Кыргыз парламентинин депутаттарына жана өкмөттүн мүчөлөрүнө да милдеттүү. Ырас Кыргызстан светтик, цивилизациялуу жана демократиялуу мамлекет болуп эсептелет, бирок калкыбыздын дээрлик көпчүлүгү Президент баш болуп Кудайга ишенип сыйынабыз жана салттуу ислам динин ыйык тутабыз. Демек Башмыйзамыбыз Курандан кийинки эле ыйык китебибиз десек болот. Кыргызда ата-бабадан калган ант урсун деген түшүнүк бар. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 25 жыл аралыгында канча деген ант берген адамдарды ант уруп, бозгундап жүрүшкөнүнө тарых күбө, мындай көрүнүшкө маани бербей коюу, от менен ойногонго барабар.             

Акыркы учурда коомдо чыңалуу пайда болуп, саясый кырдаал курчуп турганы байкалууда. Жаман айтпай жакшы жок демекчи, үчүнчү ыңкылапты мамлекетибиз көтөрө албасын эл түшүнүп турат. Бирок кайсыл бир “фигураларга” мындай кырдаал өз кызыкчылыгын чечүүгө курал болуп калышы мүмкүн, көрүнүп тургандай азыр айрым саясатчылар саясый  “очко”топтошууга киришишти. Мен КСДПнын мүчөсү катары Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы пикиримди билдиргем. Бирок эгемендүүлүк күнү Атамбаевдин айткан бир топ сөздөрүн туура деп айтсак болот,  анан да  бул сөздөрдү кайчылаш пикир катары талдасак да болот. Президент болуп туруп, бийлик рычагдарынын баары колдо турганда, ушунча жылдан бери банк ячейкалары, мародерчулук, июнь коогалаңы, сепаратисттердин өлкөдөн чыгып кетүүсү жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылыш керек деген коомдо чоң резонанс болуп жатканда үн катпаган  Атамбаев, Башмыйзамдын өзгөрүүсүнө каршылык күчөгөндө  билекти түрүнүп киришкенин кандай түшүнсөк болот.

Кокус Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү КСДПнын Башмыйзамды өзгөртүү демилгесин колдоп чыгышса, “жабылуу аяк- жабылуу бойдон калмак беле?” деген ой кетет. Эмне үчүн таза иштейм деп ант берген Атамбаев ушунча жылдан бери бул кыңыр ишти жашырып келди. “Мен баарын билем” деп айтпадыбы?! Мародерчулук боюнча экс-министр Зарыл Рысалиев кылмыш фактылары  85 пайыз далилдер бар дегенине карабай аны кызматтан айдашкан эле, ал экс-министр КСДПнын мүчөсү болгонуна карабай Президент коргоого ала алган эмес. Бул көп мисалдардын бири.

Текебаев мырза Президенттин бир топ “заказдарын” лоббировать этип, өзгөчө премьер-министрлерди алмаштырууда бийликтин тапшырмасын аткаргандыгын эмоционалдуу түрдө мойнуна алды. Эл шайлаган депутат, фракциянын лидеринин бул билдирүүсү элдин алдында берген антынан тайгандыгын айгинелеп турбайбы! 2015жылкы парламенттик шайлоо алдында “Ата-Мекен” партиясы менен “Улуттар Биримдиги” партиясынын биригүүсү коомдо чоң резонанс жараткан эле. Логика боюнча “Улуттар Биримдиги” партиясынын мыкты лидери Мелис Мырзакматов депутаттык мандатка ээ болушу керек эле. Натыйжада эмне болду? Алардын электоратын пайдаланып “Ата-Мекен” партиясы парламентке келди. “Саясатта досчулук болбойт, саясатта кызыкчылык үстөмдүк кылат” деген сөздүн анык далилине күбө болуп жатабыз мекендештер.!

Кыргыз мамлекетинде эл үчүн иштейбиз деп ант берген саясый элитанын накта жүзүн көрүп жатабыз мекендештер. Келечек муундун тагдырын кимдерге ишенээрибизди билбей калдык мекендештер! Каникулдан кийинки парламенттин биринчи пленардык отурумундагы саясаттагы карт бөөрү Текебаевдин айткандарында калет жок, ырас референдум бийликтин лоббированиеси менен эмес, элдин демилгеси менен көтөрүлсө, демек депутаттардын сунуштоосу менен болсо, талкууга алынса болмок. Үчүнчү революцияны эл көтөрө албайт, бирок Нарын менен Талас элинин чыдамы жарылып кетсе жакшы болбойт деп, Текебаев мырза кыйытып, бирөөлөрдүн ”кулагына күмүш сырга” илгендей болду. Ошентсе да бул сөзү популисттик билдирүү болуп калды  окшойт. Себеби биз элдин арасындагы акыбалды жакшыраак билебиз, эл бийликке жана саясатчыларга ишенбей калды, кимиси келсе да “эски тырмоочту баса берет” деп. Ар дайым кырдаалга жараша Атамбаев айткандай эки жээке талтайып, коомдо “раскачка” кылган Текебаевден башка элим деген эр-азаматтар жокпу кыргызда.?!  Талас эли эки жолу “башын сайып” бийликти алып берди, алдыңарга “аш салып, табак тартты”, бөлүшө албай, тытышып бүтпөдүңөр, элге тынчтык керек!

Акыркы учурларда бийлик менен Убактылуу Өкмөттүн тирешүүсү көчө оппозициянын жандануусуна жол ачты. Биригише албай жаткан оппозициядагы көрүнүктүү Ө. Субаналиев, К.Ташиев, А.Келдибеков, Б.Наргозуев, Р. Жээнбеков, А.Бекназаров, С.Жапаров, М.Мырзакматов, Ж.Жолдошева жана бир топ жаш муундагы  саясатчылар биригип, Элдин алдында жоопкерчиликти алып, өлкөнү бул кырдаалдан алып чыкса, Элдин  алдында аброю көтөрүлө турган учур болууда.

Акырында айтаарым, эгер Атамбаев эрки жетип, Башмыйзамды өзгөртүүнүн ордуна өзү айткан кылмыштардын жүзүн ачып, чечкиндүү кадам жасаса, “паровозный система” менен келген парламентти таркатып (себеби эл билбеген, акчанын күчү менен келишкен мыкчыгерлер толтура экени жашыруун эмес) шайлоо системасына өзгөртүү киргизип, жаңы можаритардык система менен шайлоо өткөрүүгө жетишсе, Атамбаев өзү айткандай эл дагы “иштеп бер” деп суранат эле, дагы да коңшу өлкөлөрдүн башчылары сыяктуу Журт Атасы болмок. Бирок мындай чечкиндүү кадамдарга баруусу күмөн жаратат.

Урматтуу Кыргыз Эли, азыр өлкөбүздө кырдаал курчуп турган учур, ушул кырдаалга туруштук берип, түндүк- түштүк дебей, оң канат, сол канат, ичкилик бир тууган экенибизди тастыктап, мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калуу үчүн кайсыл саясатчыларды сүрөп, кимге ишеним көргөзүүдөн жаңылбасак, ынтымак жана мамлекетибиздин бүтүндүгү зарыл. Келечек-муундун алдында биз жоопкербиз.!

Төлөгөн  Наралиев, Апрель баатыры, Акыйкаткыймылынын төрага орун басары,  Кара-буура районунун 2010-2012-жылдардагы акими.  Талас облусу.                                                         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: