Menu

“Бийиктик Курулуш” компаниясы Баткен облустук милициясына автоунаа тапшырды

Бөлүшүү:

“Бийиктик Курулуш” компаниясы Баткен облустук милициясына автоунаа тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облус аймагындагы чек ара тилкелериндеги куралдуу кагылышуулардан улам Баткен облусундагы милиция кызматкерлеринин материалдык техникалык базасына дагы  бир топ өлчөмдө орчундуу чыгымдар келтирилди. Лейлек районундагы Максат айылдык милиция пункту өрттөлүп талкаланып, ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талап тонолду. Ал эми Баткен ОИИБнын “Нива” жана “Газель” үлгүсүндөгү кызматтык автоунааларга тажиктер тарабынан ок атылып жараксыз абалга келген.

Бул окуяларга кайдыгер карабаган жарандарыбыз өздүк курамды колдоо максатында жардам колун суна баштады. “Бийиктик Курулуш” компаниясы
материалдык жардам катары “Honda CR-V 2” үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды. Компаниянын өкүлү Нурбек Калбаев “Тынчтыкты орнотууга милиция кызматкерлеринин салымы чоң, Сиздердин элге жасаган кызматыңыздарды, эрдигиңиздерди, туруктуулугуңуздарды байкап турдук. Биз ар дайым колдон керген жардамды Сиздер үчүн аябайбыз”,- деп өз сөзүндө белгилеп кетти.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жардам колун сунган “Бийиктик Курулуш” компаниясына ыраазычылыгын айтып, коомдук тартипти сактоодо милиция кызматкерлери жогорку деңгээлде мындан ары да өз кызматтарын аткараарын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: