9-май күнү Орусиянын күн чыгышындагы Хабаровск шаары Жеңиш күнүн биринчи болуп белгиледи. Андагы парадда Аксынын Кош-Дөбө айыл аймагынын Жаңак айылынын кулуну, Россиянын Коргоо министрлигинин подполковниги Азатбек Өмүрбеков N64-мотоаткычтар бригадасын жетектеп өттү.
Былтыр, Улуу жеңиштин 75 жылдыгында подполковник Азатбек Өмүрбеков Москвадагы Кремль аянтынын алдындагы Жеңиш парадында да өз бригадасын жетектеп өткөн. Подполковник Азатбек Өмүрбековдун чоң атасы Өмүрбек Атабеков ак калпактуу кыргыздын Багыш уруусунун Чиеке уругунан болот. Таятасы, Улу Ата Мекендик согуштун катышуучусу каракалпактуу Нукус шаарынан. Өз атасы ФСБнын полковниги Асан Өмүрбеков өмүр бою аскердик кызматтарды аркалады, анын ичинде 10 жылдай кыргыз чек араларын кайтарды. Бир тууган агасы Аскарбек Өмүрбеков да азыр Россиянын ФСБсынын подполковниги.
СССР өлкөсү тарагандан бери Россия аскер күчтөрүндө кызмат кылышкан көп кыргыз жигиттери Кыргызстанга кайтып келишип, кыргыз аскер күчтөрүндө кызмат кылып жатышат. Жакынкы келечекте подполковник Азатбек Өмүрбеков да Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин системасына кайтып келип, өз Мекенине кызмат кылып калаар.
Булак: KyrgyzToday.kg
Видео: Россия
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ