Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечжж, 10-май күнү саат 16:00до Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Тоң районунун Шор-Булак, Оттук, Кара-Талаа, Кара-Шаар, Туура-Суу айылдарында-2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ