Menu

Түркмөнстанда жааган кар калкка бир топ ыңгайсыздыктарды жаратты

Бөлүшүү:

Гурбангулы Бердымухаммедов небереси Керимгулы менен Копетдаг тоосунда сейилдеп жүрөт. Сүрөт ТДХ мамлекеттик маалымат агенттигине таандык

Дем алыш күндөрү Түркмөнстандын Ахал жана Мары облустарында жааган кар калкка бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып, көптөгөн жол кырсыктарынын себепкери болду.

Маалыматка караганда, 25-декабрда жаай баштаган кар кийинки күнү да уланып, калыңдыгы 10 сантиметрден ашкан. Коммуналдык жана жол кызматтары мындай аба ырайына даяр эмес болуп чыккан. Жыйынтыгында жолдор тазаланбай, Ашхабадда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кетсе, Мары облусунда көптөгөн автоунаалар кырсыкка кабылышты.

«Автоунаалар тайгаланып жолдон чыгып кетип жатышат. Айрымдары жол жээгиндеги тосмолорго урунса, калгандары башка автоунаалар менен сүзүшүүдө. Арасында кырсыкка кабылган полициянын автоунаалары да аз эмес», — деди Мары облусунун тургуну.

Тротуарлар кардан тазаланбагандыктан, тайгалактан улам жаракат алгандар да көбөйдү. Мындан тышкары Ашхабад менен Мары облусундагы турак үйлөргө жылуулук, электр жана газ берүү үзгүлтүккө учурады.

Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы аба ырайы келтирген ыңгайсыздыктар тууралуу эч кандай маалымат берген жок. Бирок 27-декабрдагы эфиринде президент Гурбангулы Бердымухамедов небереси менен тоого чыгып, сейилдеп келгени жөнүндө тасма көрсөттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: