Menu

Гүлзада Шаршеналиева: “Садыр Жапаровго болгон нааразычылыктары менен бул талапкерлер жалпы элибиздин кыжырына тийип, жек көрүндү болуп жатканын деле сезген жок”

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда КТРК коомдук телеканалында Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин теледебаты өттү. Телеалыпбаруучулар Алмаз Касымалиев жана Светлана Акматалиева дебаттын катышуучуларын көрүүчүлөргө тааныштырышты. Алар: Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев. Бул теледебат боюнча журналист Гүлзада Шаршеналиева өзүнүн ой-пикирин Фейсбук баракчасында билдирди.

“”Теледебат же акыйнек айтышуубу…

Акыркы күндөрү президенттик шайлоо өнөктүгүндөгү жүрүп жаткан үгүт иштеринин негизги нугунан чыгып жатканы байкалууда.

Көпчүлүк талапкерлер өздөрүнүн үгүт каражаттарын, телекайрылууларын, эл менен болгон жолугушууларын өздөрүнүн шайлоо программаларына арналбастан, чечмелөө же түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөстөн, ич күйдүлүккө, көрө албастыкка же кадимкидей караниеттикке багытталганы айдан ачык эле көрүнүп турат.

Калыӊ элдин колдоосуна татыган Садыр Жапаровго болгон нааразычылыктары, анын жеке жашоосуна чейинки кийлигишүүлөрү, адамдын аброюна шек келтирген пастык мамилелери менен бул талапкерлер жалпы элибиздин кыжырына тийип, жек көрүндү болуп жатканын деле сезбегени, алардын саясатчы катары калыптана электигин айгинелейт.

Жада калса шайлоо өнөктүгүнүн эӊ бир көрүнүктүү жана калыӊ элге түздөн-түз таасир берчү теледебатта да өздөрүнүн шайлоо кампаниясын жүргүзбөстөн, саясий көз караштарын, программалык иш мерчемдерин таанытпастан, калыӊ элдин колдоосуна арзыган талапкерди негизги бутага айлантып, кайым айтышуудан бөлөк бир да кызыктуу жана пайдалуу сөз, багыт жана сунуш бере алышпады.

Өздөрүнүн чабалдыгын сезгениби, же келечекте керт башынын амандыгын сактоонун амалыбы, айтор, Садырга каршы биригүү аракети менен алектенгиче, Жапаров күндөн күнгө калыӊ элдин колдоосун бекемдеп жатат. Себеби, Жапаров элдик лидер катары эле эмес, чыныгы саясий лидерликти да өзүнүн шайлоого болгон мамилеси менен, оппоненттерине болгон мамилеси менен жана эӊ негизгиси, мамлекетибиздин келечегине кам көргөн программалык иш-аракеттери менен далилдеди.

Дал ушул позициясы менен Садыр Жапаров КР Президентинин кызматына татыктуу талапкер экенин басымдуу элдин ишеним артканы көрсөтүп турат“, – деп билдирүү жазды журналист.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: